УКМК: “Салимбай байбача” менен жолуккан кыргыз жараны кармалды

“Салимбай байбача” лакап аты менен таанымал Салим Абдувалиев. Иллюстрациялык сүрөт.

Уюшкан кылмыштуу топтор менен күрөшүү жана ага тиешеси бар адамдардын ишмердигине бөгөт коюу боюнча иштердин алкагында Баткен облусунун Лейлек районунун Раззаков шаарында туулган З.Э.Т. аттуу адам кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кармалды.

Маалыматта айтылгандай, 46 жаштагы жаран ушул кезге чейин толук аты-жөнүн бир нече жолу өзгөрткөнү аныкталды. Ал быйыл август айында Москва шаарынан Раззаков шаарына келип, УКМК издөө жарыялаган, Өзбекстандагы уюшкан кылмыштуу топтун лидери Салим Абдувалиев (лакап аты “Салимбай байбача”) менен түшкөн биргелешкен сүрөтүн көрсөтүп, өз чөйрөсүндө мактанган.

З.Э.Т. 16-августта атайын кызматка тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн алынып келип, сурак учурунда айылдашы менен Ташкентке барган маалда Абдувалиевге жолукканын тастыктаган. Ал ошондон кийин Салимбай байбача жана анын айланасындагылар менен жолукпаганын, биргелешкен иштери болбогонун айтып берген.

Кармалган адам Орусия Федерациясында эмгек миграциясында экенин, жеке ташуучу болуп эмгектенерин билдирген.

Жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча З.Э.Т. уюшкан кылмыштуу топко жана аны каржылоого катышы бар экени азырынча тастыктала элек. Ошол эле маалда ал криминалдык дүйнөнүн өкүлдөрү менен байланыш түзүү боюнча өзүнүн жасаган иштеринин укукка каршы кесепеттерин түшүнүп, мындан ары мындай аракеттерди кайталабоого милдеттендирилген.

УКМК августтун башында ишкер Жалил Атамбаев менен экс-депутат Салайдин Айдаровду кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди адалдоо, ошондой эле уюшкан кылмыштуу топтордун ишин каржылоо фактысы боюнча катталган кылмыш ишинин алкагында кармаган. Атайын кызмат алар Өзбекстандагы кылмыш дүйнөсүнүн лидери Салим Кыргызбаевич Абдувалиев (Салимбай байбача) менен жакын мамиледе болгонун кошумчалаган.

Кыргызстандын атайын кызматы кримтөбөл Камчы Көлбаевдин (Камчыбек Асанбек) уюшкан кылмыштуу тобун каржылаган деген шек менен Салим Абдувалиевге издөө жарыялаган.

Кримтөбөл аталган Камчы Көлбаев былтыр 4-октябрда Бишкекте Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) атайын операциясы маалында өлтүрүлгөн. Бул окуядан кийин ал мыйзамсыз тапкан делген ондогон мүлк, автоунаалар мамлекетке алынган. (ErN)

Дагы караңыз

Түркияда кырсыкта каза тапкан эки кыргызстандыктын жакындарына 5 млн сомдон кенемте берилдиГазадагы согушту токтотуу келишимине жетишиле элекБишкекте батирлерин ижарага берип, салык төлөбөгөндөр текшерилдиТалибдер БУУнун Адам укуктары боюнча атайын өкүлүн Ооганстанга киргизбейтСобянин Москвага учуп келаткан 10 дрон атып түшүрүлгөнүн билдирдиОрусия Ага Хан фондунун башчысына санкция салдыДүйнөдөгү эң кары адам Морера көз жумду. Томико Итоока рекорд китебине катталат Садыр Жапаров таштанды терип, калкты жаратылышка аяр мамиле кылууга чакырдыДемократтар Камала Харристи президенттикке талапкер кылып көрсөттү24.kg: Кыргызстандын көпчүлүк банктары Орусиянын банктарына акча которууну токтотту