Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:26

Түркияда кырсыкта каза тапкан эки кыргызстандыктын жакындарына 5 млн сомдон кенемте берилди


Түркия. Тик учак кырсыгы катталган жерде издөө иштери жүрүп жаткан учур. 16-сентябрь, 2023-жыл.
Түркия. Тик учак кырсыгы катталган жерде издөө иштери жүрүп жаткан учур. 16-сентябрь, 2023-жыл.

Түркияда тик учак кырсыгында каза болгон эки кыргызстандык жарандын (А.О.А. жана Я.Л.Ю.) жакындарына аларды жалдаган “Транс Караван Кейджи” жоопкерчилиги чектелген коому 5 млн 102 миң сомдон компенсация төлөп берди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Эмгек мыйзамдарын көзөмөлдөө кызматы билдирди.

2023-жылы 16-сентябрда Түркиянын Мендерес аймагында токойдогу өрттү өчүрүүгө катышкан Ми-8МТВ-1 тик учагы Тахтали дамбасына кулап түшкөн. Кырсыкка кабылган тик учакты башкарып бараткан кыргызстандыктардын экөө учкуч, бирөө бортмеханик болгонун Кыргызстандын Стамбулдагы Башкы консулдугу билдирген. Алар менен кошо бортто түркиялык жаран да болгон.

Үч кыргызстандыктын бири чөгүп бараткан тик учактан өз алдынча чыгып, жээкке сүзүп барган. Каза болгон эки кыргыз жарандарынын сөөгү эки күндөн соң, 18-сентябрда табылган. Алардын сөөгү 20-сентябрда Кыргызстанга алып келинип, туугандарына өткөрүп берилген.

Кыргыз жарандары Түркияда келишимдик негизде иштеп жүрүшкөнү айтылган. (ErN)

XS
SM
MD
LG