Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:09

Талибдер БУУнун Адам укуктары боюнча атайын өкүлүн Ооганстанга киргизбейт


Ричард Беннетт. Ооганстан. Архив
Ричард Беннетт. Ооганстан. Архив

Ооганстанды башкарган “Талибан” кыймылы БУУнун Адам укуктары боюнча атайын баяндамачысы Ричард Беннеттин өлкөгө киришине тыюу салды. "Толо" менчик медиа компаниясы бул тууралуу талибдердин басма сөз катчысы Забихулла Мужахидге шилтеме кылып маалымдады. Мужахид Беннетти Ооганстандагы абал жөнүндө “жалган” маалымат берүүдө, “пропаганданы” жайылтып жатат деп айыптады.

БУУнун Адам укуктары боюнча кеңеши Беннетти 2022-жылы дайындап, ага “Талибан” бийликке кайтып келгенден кийин Ооганстандагы адам укуктарынын абалына байкоо салуу вазийпасы жүктөлгөн. Дипломат буга чейин өлкөгө бир нече жолу барып кеткенден кийин адам укуктары, өзгөчө кыз-келиндердин укуктары одоно бузулуп жатканын белгилеген.

15-августта талибдердин Кабулдагы бийликти алганына үч жыл болду. Эл аралык коомчулук тааныбаган өкмөт башкарууга башка улуттардын, азчылыктардын өкүлдөрүн камтууга, аялдардын билим алуу жана иштөө укугун кепилдөө боюнча сунуштарга макул болбой келет.

Бир нече күн мурун ЮНЕСКО Ооганстанда бийликке “Талибан” кайтып келгенден бери кеминде 1,4 миллион кыз орто билим алуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраганын билдирген.

БУУнун маалыматы боюнча, Ооганстан калкынын жарымы, болжол менен 23 миллион киши азыркы тапта азык-түлүктүн жетишсиздигинен жабыркап келатат.

XS
SM
MD
LG