Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:05

Садыр Жапаров таштанды терип, калкты жаратылышка аяр мамиле кылууга чакырды


Садыр Жапаров
Садыр Жапаров

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандагы капчыгайлардын биринде тарткан видеосун Фейсбуктагы баракчасына жарыялап, калкты жаратылышка аяр мамиле кылууга жана көрүнгөн жерге таштанды таштабоого чакырды. Президент талаада ар кайсы жерлерде акыр-чикирлер көптүгүн белгилеп, өзү да таштанды терип, атайын баштыкка топтогонун көрсөттү.

“Жаратылышыбызга аяр мамиле жасап, бири-бирибизди көзөмөлдөп, тарбиялап, бири-бирибизге үлгү бололучу. Башка жактан келип бирөө жарым жаратылышыбызды тазалап бербейт. Бир күн менен жашабайлычы. Эртең балдарың, бүрсүгүнү неберелериң келип эс алат го акыры”, – деп жазды Садыр Жапаров постунда.

Президент өзү видеону кайсы жакта тартканын тактаган эмес.

Президенттин администрациясы 11-августта билдирүү таратып, Ысык-Көлдөн быйыл жыл башынан бери алты тоннадай акыр-чикир, 40 миң метр балык кармоочу тор чыгарылганын билдирген. Былтыр болсо жалпысынан 22,5 миң тоннадан ашык таштанды, 218 миң метрдей тор алынып чыккан. (ErN)

XS
SM
MD
LG