Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:22

Дүйнөдөгү эң кары адам Морера көз жумду. Томико Итоока рекорд китебине катталат


Мария Бранияс Морера
Мария Бранияс Морера

Жапониялык 116 жаштагы Томико Итоока дүйнөдөгү эң улгайган адам деп аталып, Гиннестин рекорддор китебине катталмакчы. Бул тууралуу АКШда жайгашкан Геронтология изилдөө тобу билдирди.

Апта башында испаниялык Мария Бранияс Морера 117 жашында көз жумду. Маркумга планетанын эң карыган жашоочусу деген наам былтыр 17-январда ыйгарылган. Морера эки дүйнөлүк согушту, испан тумоосун, Испаниядагы жарандык согушту көргөн, 2020-жылы COVID-19 менен ооруган.

Ал эми төрт баланын энеси Итоока 1908-жылы 23-майда Жапониянын Осака шаарында туулган. Ушу тапта Асия деген жерде жашайт.

70тен ашканда ал аскага чыгуу менен машыгып, эки жолу 3067 метр бийик Онтакэ тоосуна чыккан.

100 жашында ал Асия ибадатканасынын таш тепкичтеринен таягы жок чыгып, элди таң калтырган.

XS
SM
MD
LG