Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:31

24.kg: Кыргызстандын көпчүлүк банктары Орусиянын банктарына акча которууну токтотту


Кыргызстандын коммерциялык банктарына таандык карталар. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандын коммерциялык банктарына таандык карталар. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Мбанк ("Кыргызстан" банкы) жана “Керемет банк” коммерциялык банктарынын Орусия банктарына акча которуу токтогонун жарыялагандан улам 24.kg басылмасы башка банктардагы жагдайларды иликтеп көрдү. Тиешелүү материалды медиа 21-августта жарыялады.

Басылманын журналисттери жалпы 16 банкка кайрылса, алардын 13ү Орусиянын банктарына акча которууга мүмкүн эмес экенин айтышкан.

“Бакай банк” муну техникалык себептерге байланыштырса, “Азия банкы”, “ФинансКредитБанк”, “Кыргызкоммерцбанк” жана “Кыргыз инвестициялык-кредиттик банкы” (KICB) кызмат жеткиликсиз экенин билдирген.

“Дос-Кредобанк”, “Кыргыз-Швейцар банкы” (КСБ), “Элдик банк” (мурдагы РСК Банк) жообунда башка акча которуу системаларын сунуштоо менен чектелишсе, “Демир банк”, “Оптима банк”, “Халык банк” санкция жөнүндө ачык эле сөз кылышкан. Мбанк ("Кыргызстан" банкы) менен “Керемет банк” журналисттерге өз билдирүүлөрүндөгү позицияларын кайталашкан.

24.kg басылмасы байланышкандардын ичинен “Айыл банк”, “Компаньон” банкы жана “Евразиялык сактык банкы” (ЕСБ) гана Орусиялык банктардын карталарына акча которуу мурдагыдай эле жеткиликтүү экенин ырасташкан.

17-августта Мбанк ("Кыргызстан" банкы) билдирүү таратып, 16-августтан тартып Орусиянын банктары менен акча которуу кызматташтыгын убактылуу токтотконун жарыялаган. Кызматташтык токтогон банктардын катарында Орусиянын Сбербанк, Тинькофф жана МТС банктары да бар.

20-августта “Керемет банк” коммерциялык банкы Орусиянын Сбербанк, МТС Банк, Тбанк (Тинькофф) банктары жана Орусия Федерациясынын “НСПК” улуттук төлөм системасы оператору аркылуу акча которууларды белгисиз мөөнөткө токтотконун жарыялады.

20-августта Tazabek сайты Кыргызстандын Улуттук банкындагы ишенимдүү булактарына шилтеме кылып жазгандай, башкы каржы көзөмөл мекемеси коммерциялык банктарга кайрылып, Батыштын, анын ичинде Евробиримдиктин, Улуу Британиянын жана АКШнын Чет өлкөлүк активдерди көзөмөлдөө башкармалыгынын (OFAC) санкциялык тизмесиндеги банктар менен кызматташууну токтотууну эскерткен.

Маалыматка ылайык, коммерциялык банктарга негизинен Орусиянын Сбербанк, МТС Банк, Тбанк (Тинькофф) жана "НСПК" улуттук төлөм системасынын оператору менен кызматташпоо талабы коюлган. Башкы регулятор коммерциялык банктардан эл аралык санкцияга туш келген банктар жана уюмдар менен эч кандай операция жүргүзбөөнү талап кылып, экинчи даражадагы санкцияларга илинип калбоо үчүн чукул чараларды көрүүгө чакырган.

Кыргызстанда жалпысынан 23 коммерциялык банк иштейт. Алардын өлкө боюнча 320 филиалы бар. (ErN)

XS
SM
MD
LG