Бишкекте батирлерин ижарага берип, салык төлөбөгөндөр текшерилди

Батир берилерин кулактандырган жарыялардын бири. Бишкек, Кыргызстан.

Бишкек шаарында турак жай аянтын ижарага берген адамдарды (батир тапшыруучуларды) салыктык эсепке алуу боюнча рейддик иш-чаралар улантылды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Свердлов районунун аймагында акимчиликтин кызматкерлери, райондук салык кызматынын инспекторлору жана райондук муниципалдык аймактык башкармалыктардын адистери менен биргеликте батир тапшыруучулардын маалымат базасын түзүү үчүн көп кабаттуу үйлөрдө иш жүргүзүлүүдө.

Иш-чаралар шаардыктардын көп арыздануусунан жана жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн толуктоо максатында өткөрүлүүдө.

Мэрия эскерткендей, турак жай аянтын ижарага берүү үчүн патенттин баасы: көп кабаттуу үйлөргө – чарчы метр үчүн 30 сом (пайдалуу аянты), жеке үйлөргө – чарчы метр үчүн 40 сом (пайдалуу аянты).

Мындан тышкары кыймылдуу мүлктөрдү жана кыймылсыз мүлктөрдү (айыл чарба жерлеринен тышкары) ижарага берүүдөн киреше алуучу жеке ишкерлер жана жеке жактар камсыздандыруу төгүмдөрүн орточо айлык эмгек акы өлчөмүнүн 10%ынан кем эмес өлчөмдө ай сайын төлөйт.

Салык төлөөдөн качкан учурда жеке жактарга 75 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө, юридикалык жактарга 230 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салынат.

Дүйнөлүк жана жергиликтүү түрдүү факторлордон улам Кыргызстанда акыркы жылдары батирлердин баалары кымбаттаган. Мындан улам алардын ижара акысы да өскөн. Мунун фонунда ижарачыларды салык төлөтүү чакырыктары күчөдү. (ErN)

Дагы караңыз

Талибдер БУУнун Адам укуктары боюнча атайын өкүлүн Ооганстанга киргизбейтСобянин Москвага учуп келаткан 10 дрон атып түшүрүлгөнүн билдирдиОрусия Ага Хан фондунун башчысына санкция салдыДүйнөдөгү эң кары адам Морера көз жумду. Томико Итоока рекорд китебине катталат Түркияда кырсыкта каза тапкан эки кыргызстандыктын жакындарына 5 млн сомдон кенемте берилдиСадыр Жапаров таштанды терип, калкты жаратылышка аяр мамиле кылууга чакырдыДемократтар Камала Харристи президенттикке талапкер кылып көрсөттү24.kg: Кыргызстандын көпчүлүк банктары Орусиянын банктарына акча которууну токтотту