Түркияда кырсыкта каза тапкан эки кыргызстандыктын жакындарына 5 млн сомдон кенемте берилди

Түркия. Тик учак кырсыгы катталган жерде издөө иштери жүрүп жаткан учур. 16-сентябрь, 2023-жыл.

Түркияда тик учак кырсыгында каза болгон эки кыргызстандык жарандын (А.О.А. жана Я.Л.Ю.) жакындарына аларды жалдаган “Транс Караван Кейджи” жоопкерчилиги чектелген коому 5 млн 102 миң сомдон компенсация төлөп берди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Эмгек мыйзамдарын көзөмөлдөө кызматы билдирди.

2023-жылы 16-сентябрда Түркиянын Мендерес аймагында токойдогу өрттү өчүрүүгө катышкан Ми-8МТВ-1 тик учагы Тахтали дамбасына кулап түшкөн. Кырсыкка кабылган тик учакты башкарып бараткан кыргызстандыктардын экөө учкуч, бирөө бортмеханик болгонун Кыргызстандын Стамбулдагы Башкы консулдугу билдирген. Алар менен кошо бортто түркиялык жаран да болгон.

Үч кыргызстандыктын бири чөгүп бараткан тик учактан өз алдынча чыгып, жээкке сүзүп барган. Каза болгон эки кыргыз жарандарынын сөөгү эки күндөн соң, 18-сентябрда табылган. Алардын сөөгү 20-сентябрда Кыргызстанга алып келинип, туугандарына өткөрүп берилген.

Кыргыз жарандары Түркияда келишимдик негизде иштеп жүрүшкөнү айтылган. (ErN)

Дагы караңыз

Дүйнөдөгү эң кары адам Морера көз жумду. Томико Итоока рекорд китебине катталат Орусия Ага Хан фондунун башчысына санкция салдыТалибдер БУУнун Адам укуктары боюнча атайын өкүлүн Ооганстанга киргизбейтСобянин Москвага учуп келаткан 10 дрон атып түшүрүлгөнүн билдирдиСадыр Жапаров таштанды терип, калкты жаратылышка аяр мамиле кылууга чакырды24.kg: Кыргызстандын көпчүлүк банктары Орусиянын банктарына акча которууну токтоттуЖогорку сот Каныкей Аранованы 3 жарым жылга кескен чечимди күчүндө калтырды