Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:33

Жогорку сот Каныкей Аранованы 3 жарым жылга кескен чечимди күчүндө калтырды


Каныкей Аранова. Социалдык тармактардан алынган сүрөт.
Каныкей Аранова. Социалдык тармактардан алынган сүрөт.

21-августта Жогорку сот пикири үчүн кармалган Каныкей Аранованын адвокаттарынын кассациялык арызын карап, Бишкек шаардык сотунун аны 3 жарым жылга кескен чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу “Азаттыктын” процесске катышкан кабарчысы билдирди.

Аранова өзү сотко алып келинген жок. Адвокат Замир Жоошев соттон "айыпталуучунун кичинекей кызы бар экенин, мурда соттолбогонун эске алууну" өтүнүп, "иш боюнча аны актоону, жок дегенде райондук соттун чечимин күчүндө калтырууну" сурады. Прокурор шаардык соттун чечимин күчүндө калтырууну өтүндү.

Фейсбуктагы билдирүүсү үчүн айыпталган Каныкей Аранованы Бишкектин Биринчи май райондук соту апрелдин аягында 120 миң сом айыпка жыгып, өзүн эч жакка кетпөө жөнүндө тилкаттын негизинде абактан чыгарган. Прокурор мындай чечимге каршы арыз менен Бишкек шаардык сотуна кайрылган.

28-июнда Бишкек шаардык соту аны 3 жыл 6 айга эркинен ажыраткан. Аранова Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси ("Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар") жана 330-беренеси ("Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу") боюнча айыптуу деп табылган. Мындан соң соттолуучунун адвокаттары Жогорку сотко кассациялык арыз менен кайрылган.

Социалдык түйүндөрдө Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча маселе көтөрүп жүргөн Каныкей Аранова 1-февралда Москвадан кармалып, алып келингени кабарланган.

Эжеси Ырысгүл Аранова сиңдиси анын атынан ачылган Фейсбуктагы фейк аккаунттан жазылган пикири үчүн айыпталып жатканын "Азаттыкка" билдирген.

37 жаштагы Арановага 2022-жылы октябрда Өзгөн райондук сотунун чечими менен Укук бузуулар кодексинин “Майда ээнбаштык” беренесинин негизинде иш козголуп, 30 саатка коомдук иштерге тартылган. Ага “Куршаб айылында көчөдөгү жарандарды жана кызматтык милдетин аткарып жаткан бийлик өкүлдөрүн шылдыңдап, жеке аброюна шек келтирген” деген айып тагылган. (ZKo\ErN)

XS
SM
MD
LG