Президент Садыр Жапаров Кыргызстандагы капчыгайлардын биринде тарткан видеосун Фейсбуктагы баракчасына жарыялап, калкты жаратылышка аяр мамиле кылууга жана көрүнгөн жерге таштанды таштабоого чакырды. Президент талаада ар кайсы жерлерде акыр-чикирлер көптүгүн белгилеп, өзү да таштанды терип, атайын баштыкка топтогонун көрсөттү.
“Жаратылышыбызга аяр мамиле жасап, бири-бирибизди көзөмөлдөп, тарбиялап, бири-бирибизге үлгү бололучу. Башка жактан келип бирөө жарым жаратылышыбызды тазалап бербейт. Бир күн менен жашабайлычы. Эртең балдарың, бүрсүгүнү неберелериң келип эс алат го акыры”, – деп жазды Садыр Жапаров постунда.
Президент өзү видеону кайсы жакта тартканын тактаган эмес.
Президенттин администрациясы 11-августта билдирүү таратып, Ысык-Көлдөн быйыл жыл башынан бери алты тоннадай акыр-чикир, 40 миң метр балык кармоочу тор чыгарылганын билдирген. Былтыр болсо жалпысынан 22,5 миң тоннадан ашык таштанды, 218 миң метрдей тор алынып чыккан. (ErN)
Дагы караңыз
Демократтар Камала Харристи президенттикке талапкер кылып көрсөттү24.kg: Кыргызстандын көпчүлүк банктары Орусиянын банктарына акча которууну токтоттуКыргыз банктары "кара тизмедеги" Орусиянын банктары менен кызматташтыкты токтотту Жогорку сот Каныкей Аранованы 3 жарым жылга кескен чечимди күчүндө калтырдыЧүйдө контейнер менен коргондолгон 353,3 гектар жер мамлекетке кайтарылдыЫсык-Көл районунда эки күндө 159 үй сел калдыгынан тазаландыЧүйдө дарыгерге кол көтөргөн аял кармалды