Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:15

Кыргыз банктары "кара тизмедеги" Орусиянын банктары менен кызматташтыкты токтотту


Москвадагы "Сбербанктын" эн белгиси, 28-март, 2023-жыл
Москвадагы "Сбербанктын" эн белгиси, 28-март, 2023-жыл

Кыргызстандагы “Мбанк” жана "Керемет банк" баштаган ири банктар Орусия менен акча которуу кызматташтыгын убактылуу токтотту. Экономисттер кыргызстандык банктардын чечимин Батыштын экинчи даражадагы санкцияларына илинип калуу коркунучу менен байланыштырууда.

Кыргызстандагы банктардын ичинен "Мбанк" биринчилерден болуп санкцияга кабылган "Сбербанк", "Тинькофф" жана "МТС" сыяктуу орус банктары менен акча которуу кызматын убактылуу токтотконун жарыялады.

“2024-жылдын 16-августунан тарта Орусиянын санкциядагы банктары, анын ичинде "Сбербанк", "Тинькофф" жана "МТС" аркылуу эки тарапка тең акча которуулар токтотулду. Бул кызмат белгисиз мөөнөткө жеткиликсиз. Акча жиберүүлөр санкцияга кирбеген башка банктардын рублдик реквизиттери аркылуу ишке ашырылат”, - деп айтылат банк тараткан маалыматта.

"Мбанктын" сайтындагы маалыматка караганда, азыр телефон номер аркылуу акча которуу эки жакка тең жеткиликтүү эмес. Аты аталган үч банк тең 2022-жылдын февралында Орусия Украинага басып киргенден кийин АКШнын жана Батыштын санкцияларына илинген.

"Мбанк" акча которуу жаатында Орусиянын банктары менен кызматташып келген. Аталган банктын мобилдик капчык тиркемеси Орусиядагы кыргызстандык мигранттардын акча которуусуна ыңгайлаштырылган болчу.

Москвада иштеген Сания иштеп тапкан акчасын бул жактагы туугандарынын картасына Мбанк аркылуу жөнөтүп келген. Мындан тышкары Орусияда туруп, Кыргызстандагы дүкөндөрдөн соода кылып, "Мбанк" картасы аркылуу төлөп турган. Соңку чектөөдөн улам ал мекенине түз акча которо албай калган:

“Золотая корона” иштеп атканына шүгүр. Эми ал аркылуу акчаны иниме жөнөтөм. Дүкөндөрдө карыздарым бар эле. Аларды эми иним төлөп турат. Маселени ушул боюнча калтырышпаса керек. Канча деген адам акча которуп жатат. Банктар деле пайызын алышат да. Алар да зыян тартып калат го. Кандайдыр бир чечүү жолун табышар деп ойлойм”, - деген үмүтүн айтты Сания.

"Мбанк" кийинки кадамдары, Орусиядагы колдонуучуларынын маселеси боюнча кандай чара көрөрү тууралуу маалымат бере элек.

Онлайн банкинг тармагында кеңири колдонулган "Мбанк" тиркемеси Google Play порталындагы маалыматтарга караганда, бир миллиондон ашуун жолу көчүрүлгөн. Андан кийинки сапта 500 миң жолудан көчүрүлгөн Optima24, "Элсом" жана "Компаньон" тиркемелери турат.

Биз бул жана башка белгилүү тиркемелердин, электрондук капчыктардын операторлорунан Орусиядан акча которуунун шарттарын сурадык.

Optima24 тиркемесинин оператору атайын санкциялык тизме түзүлгөнүн, андагы банктар менен иштешпей жатышкандарын, азыр акча которуулар негизинен “Золотая корона” аркылуу аткарылып жатканын айтты.

“Элсом” тиркемесинин оператору ачык булактардагы санкциялык тизмеге таянып иштеп жатышкандарын, ал күн сайын өзгөрүп жаткандыктан, бүгүн иштеген банк менен эртең иштешүү мүмкүн болбой калышы ыктымал экенин билдирди.

Ал эми "Компаньон" тиркемеси аркылуу санкциядагы “Тинькофф” жана “Сбербанк” банктарынан акча которуу мүмкүн экени белгилүү болду.

“Билайндын” “Баланс.kg” тиркемеси болсо атайын чектөө жок экенин, өнөктөш банктардын тизмеси тиркемеде экенин айтты.

“О!Деньги” тиркемесинин маалыматтык колдоо кызматы менен байланышуу мүмкүн болгон жок.

Мбанктын артынан 20-августта "Керемет банк" да Орусиянын Сбербанк, МТС Банк, Тбанк (Тинькофф) банктары жана Орусия Федерациясынын “НСПК” улуттук төлөм системасы оператору аркылуу акча которууларды белгисиз мөөнөткө токтотту.

97,45% акциясына Кыргызстандын Финансы министрлиги ээлик кылган бул банк азыр эл аралык акча которууларды "Золотая корона", "Астрасенд", Western Union, "Юнистрим", Ria системалары аркылуу гана ишке ашырып жатат.

Мындан тышкары Demir Bank, KICB да Орусия аркылуу акча которууларды токтоткону кабарланды.

Эки банктын тең маалыматтык колдоо кызматтары "Сбербанк", "Тинькофф", "МТС" сыяктуу санкциялык тизмеге кирген орусиялык банктар менен кызматташпай жатканын, акча которуулар санкцияга кирбеген банктар аркылуу ишке ашуусу мүмкүн экенин айтышты.

  • Орусиянын финансы системасы Батыштын санкциясына туш болгон учурда алар менен кызматташкан банктар экинчил санкцияларга илинүү коркунучу бар.
  • Быйыл жайында Орусиянын финансы институттары АКШнын санкциясына кабылган жагдайдан улам, Кыргызстандагы айрым банктар банк жана финансы институттары менен акча которуу системасына чектөө киргизилгенин жарыялаган.
  • Ал учурда да "Мбанк" рублдин курсундагы чукул өзгөрүүлөргө байланыштуу рублдик эсептер жана карталар менен иштөөгө убактылуу чектөө киргизилгенин маалымдаган болчу.

Экономикалык эксперт Расул Түлеев согуш башталган эки жыл кыргызстандын банк системасы үчүн сыноо жылы болгонун, банктар оор тандоонун ортосунда калып жатканын белгиледи:

Расул Түлеев.
Расул Түлеев.

“Бул аргасыз чара болду. Анткени көп каржылык операциялар Орусия менен жүргүзүлө берсе, анда алар орус банктарынын негизги өнөктөшү катары АКШ менен Европанын санкциялык базаларына түшүп калышы ыктымал. Алар болсо SWIFT, Visa, Master сыяктуу эл аралык системалардан четтетип коюшу мүмкүн. Бирок “Кыргызстан” банкы биздин мигранттардын көйгөйүн чечүүгө аракет кылат деп жүз пайыз ишенем. Анткени "Мбанк" деле ошол максатта ачылган да. Орусияда акчаны накталай которуу иштегени менен, мобилдик тиркеме жок болчу. Бул бир миллиондон ашык өздөштүрүлө элек рынок деген сөз эле. "Мбанк" мигранттарга кызмат көрсөтүп абдан чоң пайда тапкан”.

Адистер Орусия Украинага согуш ачкандан бери курчуган бул кырдаал Кыргызстандын банк системасы үчүн сыноо болгонун айтышат. Бир жагынан санкциялар тооруп турса, экинчи жагынан Орусия кыргызстандык мигранттар акча которгон негизги багыт бойдон калууда. Акча-насыя маселелери боюнча эксперт Бактыбек Шамкеевдин айтымында, кырдаалдан улам акча которуулардын мыйзамсыз жолдору пайда болушу ыктымал.

Бактыбек Шамкеев
Бактыбек Шамкеев

“Эми айла жок. Биз өзүнчө, Орусия өзүнчө, АКШ өзүнчө өлкө болгону менен бирдиктүү системалар бар. Алар көзөмөлдөп жатат. Андыктан алардын шартына көнүүгө, санкциялардын астында иштөөгө мажбурбуз. Кырдаал санкциялар алынгандан кийин гана оңолот деп ойлойм. Андан башка жол жок. Бирок “цыган которуулары” деген сыяктуу мыйзамсыз схемалар пайда болобу деп турам”.

Ал эми Улуттук банктын төрагасынын мурдагы орун басары, акча которуу системалары боюнча адис Сүйөркул Абдыбалы тегин Кыргызстан банктары экинчи даражадагы санкцияларга туш болбой, ошол эле маалда чектөөлөрдүн кесепетин азайтуу үчүн көп векторлуу саясат жүргүзүшү керек деп эсептейт.

“Бизде тышкы дүйнө менен болгон операциялардын көлөмү кескин өсүп жатат. Атайын анализ керек. Аларды талдап чыгышыбыз шарт. Чындап эле, ошол чет өлкө менен болуп аткан операциялар Кыргызстандын чыныгы операцияларыбы же АКШ менен Евробиримдик коркуп жаткан Орусиянын бизнесине багытталган, санкцияны айланып өтүүгө байланыштуу операцияларбы? Эгер баарын далили менен көрсөтө алсак, экинчи даражадагы санкцияларга кабылбашыбыз керек. Биз ачык түрдө тигил жак менен да, бул жак менен да иштешибиз керек. Бизде андан башка жол жок. Биздей чакан өлкө бир тараптуу болсо утулуп калат”.

Ал арада “Тазабек” сайты 20-августта ишенимдүү булактарына таянып, өлкөнүн төлөм системаларынын ишин жөнгө салган Улуттук банк Кыргызстандагы банктардан АКШнын каржы министрлигинин чет элдик активдерди көзөмөлдөө башкармалыгынын (OFAC), Евробиримдиктин жана Улуу Британиянын санкциялык тизмесиндеги банктар менен иштешпөөгө чакырганын жазды.

Улуттук банк "Азаттыктын" суроосуна берген жообунда "учурда коммерциялык банктар эл аралык санкциялардын терс кесепеттерин алдын алуу боюнча иштерди жүргүзүп жатканын" айтып, "экинчи даражадагы санкциялардын тобокелдиктерин минималдаштыруу максатында кардарларга жана контрагенттерге көзөмөлдү күчөтүү, кардарлардын санкциялык тизмеде жок экендигин тыкыр текшерүү чаралары көрүлүп жатканын" билдирди.

Буга чейин аталган мекеме коммерциялык банктар буга байланыштуу өз алдынча чечим кабыл ала алышарын билдирип келген.

Мунун алдында, 13-август күнү Түштүк Кореялык Kookmin Bank Кыргызстандагы банктарга сентябрдан тарта доллар менен операция жүргүзүүнү токтоторун жарыялаган. Улуттук банк муну Батыштын санкцияларын сактоо аракети менен байланыштырган эле.

Кыргызстанда жалпысынан 23 коммерциялык банк иштейт. Алардын өлкө боюнча 320 филиалы бар.

XS
SM
MD
LG