Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:00

Ысык-Көл районунда эки күндө 159 үй сел калдыгынан тазаланды


Селдин кесепетин жоюу аракеттери. ӨКМдин кызматкерли.
Селдин кесепетин жоюу аракеттери. ӨКМдин кызматкерли.

Ысык-Көл районунда жүргөн селдин кесепетин жоюу аракеттеринин натыйжасында 19-20-август күндөрү жалпы 159 үй сел калдыгынан толук тазаланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) кабарлады.

20-август күнү тазалоо жумуштарына 1058 адам иштеп, 85 атайын техника тартылган. Анын ичинен ӨКМден 395 куткаруучу, 7 инженердик техника, 8 мотопомпа, ал эми Жарандык коргонуу кызматтарынан 336 кызматкер жана 47 инженердик техника 4 ассенизатор иштетилди. Ошондой эле Садыр-Аке айыл аймагынан 300 ыктыярчы, "Чайна-Роуд' ишканасынан 27 инженердик техника, 27 айдоочусу тартылып, тазалоо иш-чараларын жүргүзүшкөн. Тазалоо жумуштары 21-август күнү улантылды.

18-августтун кечиндеги нөшөрдөн улам кокту-колоттон келген сел каптагандан кийин Ысык-Көл районунда жана Тоң районунда өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Негизинен сел каптаган турак жайлардын көбү Ысык-Көл районунда.

ӨКМдин акыркы маалыматына караганда, Ысык-Көл районунун Корумду, Темир, Садыр-Аке, Булан-Сөгөттү айылдарында 497 үйдүн короо, сарай жана жертөлөлөрүн каптаган. Бала бакча, ФАП, китепкана зыян тарткан. Мындан тышкары "Аврора", "Аврора плюс", "Карвен", "Нептун", "Семиран" пансионаттарынын короосуна суу кирген. (ErN)

XS
SM
MD
LG