Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:53

Чүйдө дарыгерге кол көтөргөн аял кармалды


Ооруканадагы аял дарыгерди сабап жаткан учуру. Видеодон алынган скриншот.
Ооруканадагы аял дарыгерди сабап жаткан учуру. Видеодон алынган скриншот.

Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери медициналык кызматкерге кол көтөргөн аялдын тек-жайын аныктап, кармады. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, 19-августта Чүй райондук ички иштер бөлүмүнө Токмок шаарынын тургуну, 27 жаштагы З.И. аттуу медициналык кызматкер арыз менен кайрылган. Ал ошол эле күнү саат 04:00 чамасында райондук оорукананын реанимация бөлүмүндө ага И.Ж. аттуу аял себепсиз кол көтөрүп, уруп-сабап, денесине зыян келтиргенин айтып, ага чара көрүп берүүнү өтүнгөн.

Аталган факт Чүй райондук ички иштер бөлүмүндө катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) менен кылмыш иши козголгон.

Тергөөнүн жүрүшүндө аныкталгандай, Чүй райондук ооруканасынын реанимация бөлүмүнө 19-августка караган түнү, саат 01:00 чамасында 21 жаштагы И.Ж. аттуу аял “алкоголдук уулануу” диагнозу менен түшкөн. Саат 04:00дө ал ооруканадан кетүүнү чечкен, кызматкерлер аны "туугандары келмейинче коё бербей турганын" билдиришкен. И.Ж. агрессивдүү мамиле кылып, З.И. аттуу дарыгер-реаниматологду уруп-сабап, андан соң ооруканадан чыгып кеткен.

Кылмыш ишине байланыштуу бардык соттук-укуктук экспертизалар дайындалды.

Учурда И.Ж. аттуу жаран тиешелүү тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн Чүй райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилген. Иликтөө иштери уланууда.

Мунун алдында Медициналык көз карандысыз кесиптик кошуундун төрайымы, эксперт Бермет Барыктабасова Фейсбуктагы баракчасында пациент дарыгерди сабап жаткан видеону таратып, чара көрүүнү талап кылган. (ErN)

XS
SM
MD
LG