Мыйзамсыз менчиктештирилген объектилерди аныктоо жана мамлекетке кайтаруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Чүй облусунда 353,3 гектар өндүрүштүк жер мыйзамсыз менчиктештирилгени аныкталып, мамлекеттин балансына алынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) билдирди.
Текшерүү иштеринин жүрүшүндө өнөр жай жерлерин мурдагы депутат М.Н.К. өзүнө аффилирленген компаниялар аркылуу жеке менчикке мыйзамсыз чыгарып кеткени такталган.
Жер тилкенин базар баасы 4 млрд 7 млн 77 миң сомду түзгөн. Тилке Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агентикке өткөрүп берилди.
Бишкектен Ысык-Көлгө бараткан жолдо, Боом капчыгайына кире бериште жайгашкан, темир контейнерлер менен коргондолгон тилке коомчулукка буга чейин эле белгилүү болчу. Ал кайсы жылы менчиктештирилгени белгисиз.
УКМКнын маалыматына ылайык, соңку үч жылдан бери ондогон мүлктөр мамлекетке жана муниципалдык менчикке кайтарылды. Анын көбү базарлар, автобекеттер жана жер тилкелери. (ErN)
Дагы караңыз
Жогорку сот 3 жарым жылга камалган Каныкей Аранованын ишин карай баштадыЫсык-Көл районунда эки күндө 159 үй сел калдыгынан тазаланды“Керемет банк” Орусиянын банктары аркылуу акча которууну токтоттуЧүйдө дарыгерге кол көтөргөн аял кармалдыАКШ дипломаты Орусиянын Тышкы иштер министрлигине чакыртылдыЦРУ директору Сараевого бардыИранда немис маданий борбору жабылды