Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:52

ЦРУ директору Сараевого барды


Уильям Бернс.
Уильям Бернс.

АКШнын Борбордук чалгын башкармалыгынын (ЦРУ) директору Уильям Бернс бүгүн 20-августта Босния жана Герцеговинага барганын бул өлкөнүн Чалгын жана коопсуздук агенттигинин башчысы Алмир Дзуво «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун балкан кызматына тастыктады.

Бул маалыматты АКШ элчилигине жакын булактар дагы ырасташты. Сапардын максаты тууралуу расмий маалымат берилген жок.

Бернс борбор калаа Сараеводо Дзуво менен жолугушуу өткөрүп, америкалык жана босниялык чалгын кызматтарынын алакасына колдоосун билдиргени кабарланды.

Акыркы жолу ЦРУ башчысы бул өлкөдө 2016-жылы болгон.

Босния жана Герцеговина – Европадагы эң кедей өлкөлөрдүн бири, калкынын жарымын босниялык мусулмандар, үчтөн бирин сербдер, 15% хорваттар түзөт. Өлкө 1992-жылы мурдагы Югославиядан бөлүнүп, өз алдынча эгемендик алган мамлекет. Андан кийин аймакта тутанган согуштун жүрүшүндө мамлекеттин ичинде Серб Республикасы (Republika Srpska) түзүлгөн. Мындан сырткары өлкөнүн Брчко деген округу эл аралык башкарууда турат.

2022-жылдын декабрында өлкө Евробиримдикке талапкер макамын алган.

Босния жана Герцеговинанын курамындагы Серб республикасынын президенти Милорад Додик Орусиянын президенти Владимир Путин менен тыгыз байланышта экени айтылып келет. Орусия 2022-жылы Украинага кол салганы үчүн Батыштын санкцияларына кабылып келет. (RK)

XS
SM
MD
LG