Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:02

“Керемет банк” Орусиянын банктары аркылуу акча которууну токтотту


“Керемет банк” коммерциялык банкына тиешелүү сүрөт. Иллюстрация.
“Керемет банк” коммерциялык банкына тиешелүү сүрөт. Иллюстрация.

Кыргызстандын “Керемет банк” коммерциялык банкы Орусиянын Сбербанк, МТС Банк, Тбанк (Тинькофф) банктары жана Орусия Федерациясынын “НСПК” улуттук төлөм системасы оператору аркылуу акча которууларды белгисиз мөөнөткө токтотту. Бул тууралуу финансы мекемеси өз сайтында кабарлады.

Банк ошол эле кезде кардарлары “Золотая корона”, “Астрасенд”, Western Union, “Юнистрим”, Ria сыяктуу эл аралык акча которуу системаларын колдонуп, каражаттарын жөнөтүп же алып тура алышарын кошумчалаган.

“Керемет банк” коммерциялык банкынын 97,45% акциясына Кыргызстандын Финансы министрлиги ээлик кылат.

17-августта Кыргызстандын башка бир банкы – Мбанк ("Кыргызстан" банкы) билдирүү таратып, 16-августтан тартып Орусиянын банктары менен акча которуу кызматташтыгын убактылуу токтотконун жарыялаган. Кызматташтык токтогон банктардын катарында Орусиянын Сбербанк, Тинькофф жана МТС банктары да бар.

20-августта Tazabek сайты Кыргызстандын Улуттук банкындагы ишенимдүү булактарына шилтеме кылып жазгандай, башкы каржы көзөмөл мекемеси коммерциялык банктарга кайрылып, Батыштын, анын ичинде Евробиримдиктин, Улуу Британиянын жана АКШнын Чет өлкөлүк активдерди көзөмөлдөө башкармалыгынын (OFAC) санкциялык тизмесиндеги банктар менен кызматташууну токтотууну эскерткен.

Маалыматка ылайык, коммерциялык банктарга негизинен Орусиянын Сбербанк, МТС Банк, Тбанк (Тинькофф) жана "НСПК" улуттук төлөм системасынын оператору менен кызматташпоо талабы коюлган. Башкы регулятор коммерциялык банктардан эл аралык санкцияга туш келген банктар жана уюмдар менен эч кандай операция жүргүзбөөнү талап кылып, экинчи даражадагы санкцияларга илинип калбоо үчүн чукул чараларды көрүүгө чакырган.

Улуттук банк ошол эле учурда коммерциялык банктарга кардарларына жана контрагенттерине көзөмөлдү күчөтүүнү, алардын санкциялык тизмеде жоктугун текшерүүнү күчөтүп, өзгөчө "кара тизмеге" кабылуу ыктымалдыгы жогору болгон кардарларынын операцияларын тыкыр текшерүүгө алууну өтүнгөн. (ErN)

XS
SM
MD
LG