Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:57

АКШ дипломаты Орусиянын Тышкы иштер министрлигине чакыртылды


Америка Кошмо Штаттарынын Орусиядагы элчисинин орун басары Стефани Холмс орус Тышкы иштер министрлигине чакыртылды. Министрликтин 20-августтагы билдирүүсүндө ал «америкалык кабарчылардын чагымчыл аракеттеринен улам» чакыртылганы маалымдалды.

Орусиянын тышкы саясий мекемеси америкалык кабарчылар Курск облусуна «мыйзамсыз кирип барышканын», мындан тышкары Орусиянын аймагына кирген украин аскерлеринин арасында америкалык жалданма аскерлер жүргөнү тууралуу маалымат бар экенин белгиледи.

Билдирүүдө орус тарап АКШны «жаңжалдын түздөн-түз катышуучусу» деп атап, «мындай кылмыштарга тиешеси бар америкалык жарандарды» жоопко тартуу үчүн тийиштүү тергөө аракеттери жүргүзүлөрүн белгиледи.

Кайсы кабарчылар жана жалданма аскерлер тууралуу сөз болуп жатканы айтылган жок.

АКШ тараптан комментарий боло элек.

6-августтан бери Украина Орусиянын чек арадагы Курск облусунда, соңку маалымат боюнча, кеминде 92 калктуу пунктун ээлеп турат. Киев бул операциясын өзүн коргоо үчүн буфердик зона түзүү аракети деп атоодо. (RK)

XS
SM
MD
LG