Ички иштер министрлигинин 14-августтагы маалыматына караганда, Өзгөн районунун тургуну быйыл 9-майда таанышы менен чогуу райондун Кызыл-Октябрь айылынын тургундары - эки бир тууганды катуу сабап койгон. Жыйынтыгында 27 жаштагы З. Б. аттуу жаран оор жаракат алган.
Бул иш боюнча жергиликтүү милиция Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси ("Ден соолукка оор залал келтирүү") менен кылмыш ишин козгоп, шектүүгө издөө жарыяланган.
14-август күнү кармалып, милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
ИИМдин маалыматына ылайык, шектүү уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турат.
Учурда иликтеп-тергөө иштери жүрүп жатканы айтылды. (ZKo)
Дагы караңыз
Токмоктогу социалдык-стационардык мекеменин кызматкерлерине иш козголдуКремл борборазиялык диаспора жетекчилерин бутага алдыбы? Улуттук банк валюта базарына 59 млн 800 миң доллар сатты“Аалам Строй” компаниясынын лицензиясы убактылуу токтотулдуБишкекте соода борборлордун биринде кызды жылан чагып алды