Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:13

Токмоктогу социалдык-стационардык мекеменин кызматкерлерине иш козголду


Башкы прокуратуранын имараты.
Башкы прокуратуранын имараты.

Башкы прокуратура Токмок шаарындагы №2 психоневрологиялык социалдык-стационардык мекеменин кызматкерлерине Кылмыш-жаза кодексинин “Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу” жана “Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренелери менен кылмыш иши козголгонун билдирди.

Көзөмөл органынын маалыматы боюнча, алар соттун чечими менен ишке жөндөмсүз деп табылган ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген төрт адамды эмгек терапиясын көрсөтүү шылтоосу менен кызматка алышкан. Тергөөдө аларды стационардык мекемеге кызматка коюп, чегерилген айлыгын алып турушканы аныкталган.

Мындан тышкары, сөз болуп жаткан мекеменин жетекчилиги 2022-жылдын ноябрынан 2024-жылдын июнь айына чейин ай сайын бюджеттик каражаттан 16 кызматкерге 22 миң 500 сомдон 33 миң 750 сомго чейин жалпы суммасы 13 млн 865 миң 566 сом мыйзамсыз сый акы төлөп бергени белгилүү болгон.

№2 психоневрологиялык социалдык-стационардык мекеменин жетекчилиги коюлган айыптар боюнча комментарий бере элек.

Кыргызстандагы 17 социалдык-стационардык мекемелерде 2347 адам бар. Алардын 517си майыптыгы бар кары адамдар, 472си балдар интернаттарында тарбияланууда. Калган 1358и психоневрологиялык социалдык стационарларда жатат. (BTo)

XS
SM
MD
LG