Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:15

Улуттук банк валюта базарына 59 млн 800 миң доллар сатты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Улуттук банкы 13-августта валюта базарына 59 млн 800 миң доллар сатты. Бул тууралуу маалымат өлкөнүн башкы банкынын сайтына жарыяланды.

Улуттук банк доллардын курсунун туруктуулугун камсыз кылуу үчүн жыл башынан бери 17 жолу интервенция жасады. Анын беш жолкусунда рынокко доллар сатса, 12синде доллар сатып алган.

Ушул тапта доллардын расмий курсу 85 сом 67 тыйын болууда. Коммерциялык банктар менен менчик акча алмаштыруу жайларында бир доллар 85 сом 70 тыйындан сатып алынып, 86 сом 20 тыйындан сатылууда.

Интервенция доллардын курсу кескин көтөрүлүп же түшүп кеткенде жасалат. (BTo)

XS
SM
MD
LG