Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:03

“Аалам Строй” компаниясынын лицензиясы убактылуу токтотулду


“Аалам Строй” курулуш компаниясынын өрт чалган имараты.
“Аалам Строй” курулуш компаниясынын өрт чалган имараты.

Бишкек шаарындагы Анкара көчөсү №5 дарегинде курулуп жаткан 12 кабаттуу үйдүн чатырында чыккан өрттөн кийин аны куруп жаткан “Аалам Строй” компаниясынын лицензиясы 90 күнгө токтотулду.

Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги кабарлады.

Мекеменин маалыматына ылайык, мындай чечимди ишкана адамдардын өмүрүнө, ден соолугуна, айлана-чөйрөгө, менчикке, коомдук жана мамлекеттик коопсуздукка зыян келтирүүнү болтурбоо боюнча талаптарды бузганы үчүн агенттиктин лицензия берүү боюнча комиссиясы кабыл алган.

“Аалам строй” курулуш компаниясы салып жаткан көп кабаттуу үйдүн чатырынан 12-августта өрт чыгып, 850 чарчы метр аянты күйгөн. Аны өчүрүүгө сегиз өрт өчүрүүчү автоунаа, анын ичинде 54 метрлик эки автошаты тартылган.

Имаратка жакын жайгашкан тогуз кабаттуу эки турак жайдын тургундары коопсуз жерге көчүрүлгөн.

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда былтыр баш-аягы 3 497 өрт кырсыгы катталып, андан 35 адам каза болгон. 31 киши жаракат алган. Тилсиз жоо 1 млрд 410 млн 377 миң сом материалдык зыян алып келген. (BTo)

XS
SM
MD
LG