Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:03

Бишкекте соода борборлордун биринде кызды жылан чагып алды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте соода борборлордун бириндеги зоопарктан жылан 15 жаштагы кыздын колун чагып алды. Бул тууралуу Бишкектин Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирип, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталганын кабарлады.

Милициянын маалыматына ылайык, окуя 12-августта кечке жуук болгон. Териштирүүдө 15 жаштагы кыз зоопарктын кызматкеринин ордуна эки саатка иштеп жаткан маалда жылан анын колун чагып алганы такталган.

Медайым бейтапка жеринде биринчи жардам көрсөтүп, андан кийин ооруканага жеткрилиген. Ал эми кыздын атасы арыз жазуудан баш тартып, дарыгерлер аны текшергенин жана абалы жакшы экенин айткан. Милиция тергөөгө чейинки текшерүү иштери уланып жатканын, жыйынтыгында юридикалык баа берилерин кошумчалады.

Социалдык тармактарда кызды жылан чагып алганы түшүп калган видео жарыяланып, айрым жалпыга маалымдоо каражаттары окуя “Ала-Арча” соода борборунда болгонун жазып чыккан. “Ала-Арчанын” администрациясы комментарий бере элек. (BTo)

XS
SM
MD
LG