Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:45

Кремл борборазиялык диаспора жетекчилерин бутага алдыбы?


Орусияда өзбекстандыктардын “Ватандош” биримдигинин жетекчиси Усман Баратов төрт жылга эркинен ажыратылса, "Казак диапорасы" коммерциялык эмес уюмунун жетекчиси Полат Жамаловдун бөгөт чарасы каралды.

Буга чейин Мамлекеттик Думанын айрым депутаттары чет элдик диаспораларга “чет элдик агент” макамын берип, миграциялык саясатты катаалдатууну талап кылып келишкен.

"Короздорду фронттон кайтаргыла"

Орусияда өзбекстандыктардын "Ватандош" биримдигинин жетекчиси Усман Баратов Интернеттеги тамаша посту үчүн төрт жылга эркинен ажыратылды. Москва облусунун Ступино шаардык соту 12-августта чыгарган өкүмгө ылайык, ал "жек көрүүчүлүктү жана кастыкты козуткан" деп табылды жана жаза мөөнөтүн жалпы тартиптеги колонияда өтөмөй болду. Баратов өзү соттун өкүмүн "сот адилеттигинин жана орусиялык Фемиданын мазакталышы" деп атады:

"Бүгүн сот бийликтин буйругун аткаруу менен өз абийирин төктү. Сот системасы жөн эле кул экенин көрсөттү. Мени камоо буйругун Путин Бастрыкинге берген. Бастрыкин сотко буйрук берди. Мени бир гана эл аралык сот соттошу керек эле. Орусияда көз карандысыз сот жок. Анткени судьяларды Путин дайындайт. Жеңиш биз тарапта болот".

Баратовго каршы кылмыш иши быйыл январда согушту колдогон "кабарчылар" жана активисттер Тергөө комитетинин башчысы Александр Бастрыкинге ал тууралуу "айтып барышкандан" кийин ачылган. Алар Украинада согушуп жаткан орусиялык аскерлердин аялдары мазакталганын айтышкан.

Буга Баратовдун Орусияда жумуртка баасынын кескин көтөрүлүп кетишин сындаган социалдык тармактардагы посту себеп болду. Былтыр декабрда Баратов тооктун сүрөтүн коюп: “Cилерге жумуртка эмес, эч нерсе жок! Короздорду фронттон кайтаргыла”, - деп жазган.

Усман Баратов өзү тооктун сүрөтү аскердик операциянын катышуучуларына эч тиешеси жок экенин билдирген. Кийин ал социалдык тармактагы баракчасын кимдир бирөөлөр бузуп киргенин айтып, постту өчүргөн. Сотто Баратов өзүнө тагылган айыпты мойнуна алган жок. Ал Орусиянын жараны.

Усман Баратов.
Усман Баратов.

Cогушта өлгөндөрдүн санын жарыялаган Жамалов

Андан бир нече күн мурда эле Москвадагы "Казак диапорасы" коммерциялык эмес уюмунун жетекчиси Полат Жамалов орус армиясы тууралуу "жалган маалымат" тараткан деп айыпталып, баш коргоо чарасы каралган.

Москванын Останкино райондук соту Жамаловго кандайдыр бир иш-аракеттерди жасоого бөгөт койгону гана айтылып, иштин так чоо-жайы белгисиз бойдон калууда.

Тергөө белгилегендей, Жамалов "өз аракеттери менен мыйзам бузуп, коомдук коркунуч жаратканын, Орусия Федерациясынын куралдуу күчтөрүнүн жана мамлекеттик бийлигинин кадыр-баркына доо кетиргенин мойнуна алган".

Жамаловго иш козголуп, тергөөдө жүргөнү тууралуу маалымат алгач ушул жылдын башында белгилүү болгон.

"Вёрстка" басылмасы Орусиянын Тергөө комитетинин жашыруун баяндамасына таянып, Москвадагы казак диаспорасынын башчысына "армия тууралуу фейк маалымат тараткан" деген айып тагылганын жазып чыккан. Журналисттер иш 2023-жылы сентябрда козголгонун аныкташкан.

Буга Жамаловдун Фейсбукка жазган билдирүүсү түрткү болгон. Ал постуна 2022-жылдын августуна карай Украинада 48 миңден ашуун орус жоокери өлгөнү тууралуу документти чаптап койгон.

"8132 – Атайын операция башталганы ай сайын согушта өлгөндөр… акча санакты жактырат", - деп жазган Жамалов.

Андан тышкары казак диаспорасынын лидери 2022-жылы Казакстандагы Январь окуяларынын маалында орус аскерлеринин өлкөгө киргизилгенин сындап, "оккупация" деп атаган.

Орусиядагы мигранттардын укуктарын коргоо менен алектенген Александр Ким эки диаспора жетекчисинин окуяларында саясий мүдөө бардыгын айтат.

“Полат Жамалов тууралуу айтсак, бул саясий көз караштары үчүн эч негизсиз куугунтуктоо. Жамалов өз билдирүүлөрүндө Путиндин бийлигин этияттык менен, конструктивдүү жана фактыларга негизделген сындоо дагы Орусиядагылардын өмүрүнө коркунуч жаратарын эске албаганы өкүнүчтүү. Ал эми Усман Баратовду алсак, анын жумуртка, короз жана фронт тууралуу постунда “короздор” деп согуштун катышуучуларын айтканы тууралуу бир да сөз жок. Тергөө комитети менен Ступин шаардык соту “аскердик операциянын катышуучуларын” короздорго теңеп жатат. Баратов тууралуу бир да сөз айткан эмес. Демек аны жөн эле, саясий мүдөөдөн улам соттоп жатышат",- дейт Ким "Азаттыкка" курган маегинде.

"Диаспора жетекчилерин ким дайындайт? Толстойбу?"

Орусиядагы чет элдик диаспораларга каршы маанай жыл башынан бери күчөдү. Орусиянын Мамлекеттик Думасынын спикери Петр Толстой улуттук диаспораларды, кыймылдарды кылмыш топторуна теңеген. Жакында эле “Комсомольская правда” радиосуна курган маегинде ал бул пикирин кайталады:

"Диаспора деген бизде бул ар кандай жолдор менен, анын ичинен укук коргоо органдарындагы аткаминерлерге пара берүү менен өз мекендештеринин маселелерин чечүүгө аракет кылган уюшкан топтор десек болот. Эгер адамдар палоо басууга чогулса, бул бир маселе, ал эми кимдир бирөөнүн бир нерсесин басып алып же кылмышка барган мекендешин эптеп актап калуу үчүн чогулушса, бул таптакыр башка маселе". Толстой бийлик органдарынын диаспора өкүлдөрү менен жыйын өткөрүшүн жапайычылык деп мүнөздөйт.

Ал эми Мамлекеттик Думанын дагы бир депутаты, мигранттарга каршы билдирүүлөрү, чакырыктары менен белгилүү Михаил Матвеев Орусиядагы чет элдиктердин улуттук диаспораларын чет элдик агенттерге теңөөнү сунуштады.

“Чет жакта өз мамлекеттери бар, Орусиядагы этникалык коомдорго тиешелүү бирикмелер чет элдик уюмдар жана жарандар менен кызматташса, аларды чет элдик агенттердин тизмесине киргизүү керек”, - деп тактады Телеграм-каналында Матвеев.

Ал эми спикер Петр Толстой диаспоралардын жетекчилери өзүлөрүнө чоң ыйгарым укуктарды алып алышканын белгилейт.

"Мен жакшы түшүнбөйм, улуттун мамлекети бар болсо, анда эмнеге Орусиянын ичинде бейөкмөт структурасы болуш керек? Маселен, күрт диаспорасын түшүнөм. Күрттөрдүн мамлекети жок. Ал эми тажик диаспорасы эмне кылат? Алар бийлик органдары менен түз диалог кургусу келет. Алар ким өзү? Ар нерсени сүйлөп салышат, анан соттолушат. Бул диаспоралардын башчыларын ким дайындайт? Аларга ким ыйгарым укук берди? Муфтийби?" - деп суроо салат Толстой.

Орусиянын Мамлекеттик Думасынын спикери Петр Толстой.
Орусиянын Мамлекеттик Думасынын спикери Петр Толстой.

Укук коргоочу Александр Ким Мамдуманын депутаттарынын бул билдирүүлөрүн популизм катары мүнөздөйт.

"Диаспора коомдорун чет элдиктерге теңөө боюнча Мамдуманын депутаттарынын сунушу - бул жөн гана популизм. Орусиялык депутаттар, шовинисттик мифологияны эксплуатациялоо менен жөн гана өзүлөрүнө саясий капитал топтоп жатышат. Анткени бул ксенофобиялык орус коомунун талылуу жери. Ал эми мамлекеттин позициясы тууралуу айтсак, саясий капитал топтоодон тышкары эки кызыкчылыкты көздөйт. Бул элдин нааразылыгын башка темага буруу жана экономиканы кармап туруу. Биринчи эки маселе үчүнчүсүнө таптакыр карама-каршы келет. Орус бийлигинин “диаспора” башчыларына басым жасоосу - бул саясий жеңилүүлөрдүн тушунда кандайдыр бир активдүүлүк көрсөтүү аракети. Учурда бул албетте Курск облусундагы кырдаал. Андан тышкары согуштан келгендердин арасында өсүп жаткан оор кылмыштуулуктан элдин көңүлүн алаксытуу маанилүү. Менимче, дал ушул максаттардан улам Орусияда коомдук адамдар мигранттар арасындагы “кылмыштуулук” темасын көп көтөрүшөт", - дейт укук коргоочу.

Депутаттардан тышкары Орусиядагы маданий чөйрөнүн өкүлдөрү бул боюнча өз пикирин билдирип жиберишти. Орусиянын эл артисти, өткөн шайлоодо президент Владимир Путиндин ишенимдүү өкүлү болгон Олег Газманов "Белта" агенттигине курган маегинде мигранттар менен иштешкен аткаминерлердин ишин кылмышка теңеген.

"Баарына жашыл жарык берип жаткан аткаминерлерди диаспоралар сатып алып жүрүшкөн жана сатып алууну улантып жатышат. Менимче, мурда эле бул кырдаалдын алдын алыш керек эле. Азыр бул тема абдан курч болуп турат", - деди ал.

Ал эми Калуга облусунун ички саясат боюнча министри Олег Калугин Борбор Азия жана Кавказдан келгендерге 25-30 жылга жарандык берүүгө тыюу салууга чакырды. Анын айтуусуна караганда, өлкөдө мигранттар канчалык көп болсо, аларда параллел коом түзүү ыктымалдуулугу ошончолук жогору болот.

“Улуттук диаспоралар тууралуу айта турган болсок бир нече жагдайды эске алуу керек. Орус коомунда ар бир мигрант кайрыла ала турган “диаспоралар” бар, ал жактан дароо адвокат менен камсыздап, бандиттерден турган бригадалар колдоо көрсөтөт деген миф бар. Мындай эч кандай болгон эмес жана азыр да андай нерсе жок", - дейт укук коргоочу Александр Ким "Азаттыкка" курган маегинде.

Орусияда эмгектенген миллиондон көп кыргызстандыктардын ондогон бирикмелери, диаспоралары бар. Ал жактагы мекендешибиз билдиргендей, "Кыргыз диаспора кеңеши" жана "Кыргыз Биримдиги" деген эки негизги диаспора бар. Андан тышкары ар бир чон шаарларда биримдиктер, жердештер коомдору түзүлгөн. Алтургай ар бир облустун өзүнчө коому бар. Орусиядагы чет элдик диаспораларга каршы маанай боюнча аты-жөнүн атагысы келбеген мекендешибиз мындай пикирде:

"Бул жакта эми мыйзам деле жок болуп калбадыбы. Диаспора жетекчилерин, диаспораларды айтасыңар да. Диаспора эмес, башкы консулдун үйүнө полициячылар кирип барып жатпайбы. Бизде ошондой кылган болсо, полициячылар камалмак да".

Орусияда мигранттарга каршы маанайдын курчушуна март айындагы “Крокус Сити Холл” концерттик залына жасалган теракт дагы түрткү болгондой. 145тей кишинин өмүрүн алган ал калабаны уюштурууга шек саналып камалгандардын көбү теги тажикстандыктар болуп чыккан. Андан тышкары Орусия Украинага согуш ачкандан бери мигранттарды текшерүү эки эсе көбөйгөн. Полициячылар мигрантттарды текшерип, алардын айрымдарын армия менен келишим түзүүгө мажбурлап, болбосо депортациялоо менен коркуткан учурлар катталып келет.

XS
SM
MD
LG