ИИМ Болгарияда маӊзат табылган жүк Кыргызстандан барды деген маалыматты четке какты

Ички иштер министрлигинин имараты.

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги (ИИМ) Болгарияда "Кыргызстандан барган жүктөн 436 килограмм героин баңгизаты табылды" делген маалыматты четке какты. Болгарияда маӊзат табылган жүккө Кыргызстандын тиешеси жок экенин маалымдады.

Мекеме 13-августта Associated Press маалымат агенттиги Болгариянын укук коргоо органдарына шилтеме берип 436 килограмм героин алынганын жана ал Кыргызстандан барган жүктүн ичинде катылганын жазганын билдирди. Бирок Болгария Associated Press агенттигине бул тууралуу расмий маалымат бербегенин билдиргенин кошумчалады.

“Бул окуя боюнча ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы өз кезегинде мамлекеттер аралык келишимдердин негизинде тийиштүү иш-чараларды жүргүзүүдө. Азыркы убакта жүк Батуми шаарынан барганы белгилүү жана мындан аркы маалыматтар такталып жатат”, - деп айтылат анда.

Associated Press маалымат агенттиги 13-августта Болгариянын бийлиги 38 млн еврого бааланган 436 кг героин тапканын жана ал маӊзат салынган жүк июль айынын аягында Кыргызстандан Грузиянын Кара деңиздеги Батуми портуна, андан ары Болгариянын Бургас портуна жеткирилгенин жазган.

Баӊгизатты Болгариядан ары Грекияга жеткирүү пландалганын кошумчалап, маӊзат жана ал ташылып келген делген автоунаанын видеосун да жарыялаган. (BTo)

Дагы караңыз

Орусия согушка жөнөткөн мигранттардын көбү өзбек, тажик жарандары экени кабарландыHRW: Ооганстанда аялдардын укугу боюнча дүйнөдөгү эң олуттуу кризис жаралдыТрамп Маск менен курган маегинде Путин менен мамилесин жакшыртууга үмүттөнөрүн айттыАдыл Акжол уулунун адвокаты ага козголгон иш тууралуу маалымат берди УКМК "Береке" базарын тартып алууга шектүү кармалганын билдирдиЛукашенко президентке коркунуч жараткандарды камоону сунуштадыЗеленский украин аскерлери Орусия аймагында экенин ырастадыКыргызстан жарым жылда алтын экспорттоону 16% көбөйттү