Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:11

Адыл Акжол уулунун адвокаты ага козголгон иш тууралуу маалымат берди


Сүрөт Адыл Акжол уулунун Фейсбуктагы баракчасынан алынды.
Сүрөт Адыл Акжол уулунун Фейсбуктагы баракчасынан алынды.

Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын (УТРК) директорунун мурдагы орун басары Адыл Акжол уулунун адвокаты Назик Ажымаматова журналистке козголгон кылмыш иши тууралуу 13-августта “Азаттыкка” комментарий берди.

Ал Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Адыл Акжол уулун 4-августта кармап, сот аны 4-октябрга чейин камакка алганын жана кылмыш ишин козгоого кайсы материал себеп болгонун айтып берди.

“Ал экинчи тараптан (ред: Айтурган Маматкулованын өлүмү боюнча) алган видеосу бар. Ошол окуя боюнча башка адамдар WhatsApp тайпа ачышыптыр. Ошол жерде массалык башаламандыктар бар деген айып коюлууда. Бирок Адылдын сөзүндө жана аракетинде кылмыштын белгилери жок. Адыл WhatsApp тайпада да болгон эмес. Ал жакта такыр башка адамдар отурган. Аларды тааныбайт жана тиешеси деле жок”, - деди ал.

Адыл Акжол уулу кармалып, Бишкектин Биринчи май райондук сотунун 5-августтагы чечими менен 4-октябрга чейин камакка алынганы 12-августта гана белгилүү болгон. Райондук соттун маалыматына караганда, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) ага Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси менен айып таккан.

УКМК журналисттин иши жөнүндө комментарий бере элек.

33 жаштагы Адыл Акжол уулу 2022-жылдан 2023-жылдын июнь айына чейин мамлекеттик ЭлТР телеканалынын жетекчисинин орун басары болуп иштеген. Былтыр июль айында УТРКнын директорунун орун басары болуп дайындалып, бул кызматтан быйыл март айында кеткен.

Адыл Акжол уулу блогер катары да таанымал. Анын өзүнүн аты-жөнү менен ачылган Ютуб каналында 800 миӊге жакын катталуучусу бар. Негизинен социалдык көйгөйлөр, саясий темалар боюнча видеолорду чыгарат.

Быйыл июлда Бишкектеги №4 ооруканада каза болгон 25 жаштагы Айтурган Маматкулованын өлүмүнөн кийин үй-бүлөлүк зомбулук маселеси коомчулукта катуу талкууланган, Адыл Акжол уулу маркумдун кайын атасынан дээрлик бир сааттык маек алып өзүнүн Ютубдагы баракчасына чыгарганы талкууга түшкөн. Бир катар укук коргоочулар, журналисттер Адыл Акжол уулу тарткан видеону бир жактуу деп айыптап чыгышкан, журналист маекти сындап комментарий жазгандарды уят сөздөр менен сөккөнүн айтышкан.

Айтурган Маматкулованын бир жыл мурда турмуш курган жолдошу ал өз өмүрүнө кол салуу үчүн дары ичип алганын айтса, келиндин жакындары күйөө баласын күнөөлөп жатат. Анын өлүмүнө байланыштуу Кылмыш-Жаза кодексинин 128-беренеси (“Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү”) менен иш козголгон. (AiB/BTo)

XS
SM
MD
LG