Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:12

Зеленский украин аскерлери Орусия аймагында экенин ырастады


Владимир Зеленский
Владимир Зеленский

Украинанын президенти Владимир Зеленский жана Куралдуу күчтөрдүн башкы командачысы Александр Сырский баштаган жетекчилиги украин аскерлери Орусиянын Курск облусуна киргени тууралуу алгачкы жолу ачык жарыялашты. Зеленский Москваны “тынчтык орнотууга аргасыз кылуу керек” деп билдирди.

"Орусия башкаларга согуш алып келди – эми ошол согушу өзүнө кайтууда. Украина дайым тынчтыкты гана каалап келген жана биз тынчтыкты сөзсүз камсыз кылабыз", - деди ал 12-августтагы видео кайрылуусунда.

Зеленский Орусиянын чек ара тилкесиндеги операциясы Украина үчүн коопсуздук гана маселеси экенин айтты. Анткени, анын белгилешинче, украин аскерлери ээлеген аймактардан Орусия Украинага чабуул коюп келген, мисалы, 1-июндан бери Сумы облусуна эле ошол жерден 2100 сокку урулган.

Башкы командачы Сырский 12-августта фронттогу абал боюнча маалымат берип жатып украин аскерлери Курск облусунда 1000 чарчы чакырым тилкени ээлеп турушканын расмий билдирди.

Курск облусунун губернатору Алексей Смирнов 12-августта орус президенти Владимир Путинге маалымат берип жатып 28 калктуу пункт украиндердин көзөмөлүндө экенин, алар Орусиянын аймагына ичкери кирип барган жалпы аянт 12 чакырымга жеткенин айтты. (RK)

XS
SM
MD
LG