Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:18

УКМК "Береке" базарын тартып алууга шектүү кармалганын билдирди


"Береке" базары. УКМКнын сүрөтү. Август, 2024-жыл.
"Береке" базары. УКМКнын сүрөтү. Август, 2024-жыл.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кримтөбөл делген адамдын тууганы Ж.Ы. кармалганын билдирди.

Мекеменин басма сөз кызматы 13-августта тараткан маалыматка ылайык, ал уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган. Тергөө иштеринин жүрүшүндө кылмыш ишине "Дордой" соода базарында жайгашкан "Береке" базарынын администраторунун катышы барлыгы аныкталган.

"Мурда кармалган Ы.М. аттуу жаран уюшкан кылмыштуу топ башчысы Э.Мамбеталиев менен туугандык байланышы бар Ж.Ы. аттуу жаран менен алдын ала сүйлөшүп алып, Н.Ж. аттуу жарандан коркутуу жолу менен "Береке" базарын мыйзамсыз тартып алышкан. Алар базарга ээлик кылуучу документтерди тартып алып, өзүнө күч колдонуларын айтып коркутушкан", - деп жазылган маалыматта.

Коопсуздук кызматынын маалыматына караганда, базардан түшкөн кирешенин бир бөлүгү уюшкан кылмыштуу топторду колдоого жана кылмыштуу аракеттерди уюштурууга жумшалып келген.

Кармалган жаран УКМКнын тергөө абагына камакка алынды. Учурда бул иштерге тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери жүрүп жатат.

УКМК кызматкерлери Эркин Мамбеталиевди 8-августта Бишкекте кармаган. Атайын кызмат Мамбеталиев узак убакыт бою кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо) боюнча иш-аракеттерди жүргүзүп, көп сандаган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдү, батир, жер тилкелерди, коммерциялык объектилерди, кымбат баалуу автомобилдерди жакын туугандарына каттаткан жана алардын көпчүлүгүнүн эч кандай уруксат берүүчү документтери жок болгонун маалымдаган.

Эркин Мамбеталиев - Кыргызстандын мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы жансакчысы. Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү деп шек саналып, оор кылмыштарга айыпталып, өмүрүнүн акырына чейин эркинен ажыратылган, бирок эки жолу абактан бошоп чыккан.

Айрым маалыматтарда Мамбеталиев мурда кримтөбөл Рысбек Акматбаевдин, ал өлгөндөн кийин Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобуна мүчө болгону айтылат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG