Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:15

HRW: Ооганстанда аялдардын укугу боюнча дүйнөдөгү эң олуттуу кризис жаралды


Ооганстан.
Ооганстан.

Human Rights Watch (HRW) эл аралык укук коргоо уюму Ооганстанда бийлик талибдердин колуна өткөндөн бери бул өлкөдө "аялдардын укугу боюнча дүйнөдөгү эң олуттуу кризис жаралды" деп эсептейт. Бул тууралуу уюмдун 11-августта жарыяланган баяндамасында айтылды.

Талибдер келгенден бери Ооганстан кыздар алтынчы класстан кийин мектепке баруу укугунан ажыратылган жалгыз өлкөгө айланганы, аялдардын эркин басып-туруу, медициналык жардам алуу, спорт менен машыгуу укугу чектелгени, гендердик зомбулукка кабылган кыз-келиндер коргонуу укугунан ажыраганы белгиленди.

Өлкө экономикалык кыйынчылыктан, жаратылыш кырсыктарынан улам кабылган оор гуманитардык кризистен биринчи кезекте кыздар, аялдар жабыркап жатканы маалымдалды.

БУУнун Ооганстан боюнча атайын баяндамачысы Ричард Беннетт кырдаалды "дискриминация, сегрегация, адамдык ар-намысты басынтуу, аялдар менен кыздарды четтетүү системасы" деп сыпаттады.

HRW уюмунун өкүлү Ферешта Аббаси “"Талибандын" кыянат башкаруусу менен ооган аялдары жана кыздары кордуктун эң оор түрүн көрүп жатышат” деди.

БУУнун маалыматы боюнча, Ооганстан калкынын жарымы, болжол менен 23 миллион киши азыркы тапта азык-түлүктүн жетишсиздигинен жабыркоодо.

2021-жылы 15-августта "Талибан" Кабулда бийликти кайрадан басып алган, 31-августта АКШнын аскердик күчтөрү бул өлкөдөн чыгып кеткен.

Талибдер "инклюзивдик өкмөт" түзүү, аялдардын билим алуу жана иштөө укугун кепилдөө боюнча сунуштарга макул болбой келет. Дүйнөнүн бир дагы өлкөсү талибдердин өкмөтүн расмий тааный элек. Ооганстандын Батыштагы банк резервдери камакта турат, талибдердин айрым лидерлерине АКШ издөө жарыялаган. Кыргызстан "Талибан" өкмөтүн расмий тааныбай турганын, бирок Кабул менен диалогго баруу зарыл экенин билдирген.

“Талибан” кыймылы Ооганстанда кыз-келиндердин жүрүм-туруму жана билим алуусу боюнча чектөөлөрүнөн баш тартпай турганын жакында өкмөт өкүлү Забиулла Мужахид айткан. (RK)

XS
SM
MD
LG