Орусия Украинадагы согушка келишимдик негизде соңку бир жылда 26 миңден ашуун кишини жөнөткөнүн, алардын көбү аймактардын тургундары, 10% башка өлкө жарандары экенин 13-августта «Верстка» басылмасы аскерге келишимдик негизде жөнөтүүчү бирдиктүү пунктка жана башка бир нече булакка таянып жазды.
Басылма 2023-жылдын 22-июлунан тартып быйылкы жылдын 12-августуна чейинки маалыматка негиздеп кабарлагандай, согушка Коргоо министрлиги менен келишим түзүп жөнөгөндөрдүн 20% гана борбор калаа Москванын тургундары болду.
"Арасында кытайлар, сербдер, бразилиялыктар, египеттиктер бар. Бирок көпчүлүгү, албетте, Өзбекстандын жана Тажикстандын жарандары", – деп айтып берди басылмага маек кургандардын бири.
Маектештин белгилешинче, согушка идеологиялык сезими боюнча умтулуп баргандар аз, келишимдик негизде жөнөп жаткандардын 90% каржы жагынан кыйналып тургандар.
Буга чейин "Азаттык" орус армиясы Украинадагы согушка борборазиялыктарды жалдаган, азгырган жана мажбурлаган фактылар бар экенин жазып, согушта кыргызстандыктар кайтыш болгон бир нече жагдайды аныктаган. Украинада согушта набыт кеткендердин көбү орус түрмөлөрүндө жаза мөөнөтүн өтөп жаткандар экени белгилүү болгон. Кыргызстандын канча жараны кан күйгөн согушка тартылганы жана канчасы каза болуп, туткунга түшкөнү тууралуу маалымат жок.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) согушка катышкандар Кылмыш-жаза кодексинин 256-беренеси (“Кыргыз Республикасынын жаранынын чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу жаңжалдарга же согуштук аракеттерге катышуусу же террордук актыны жасоо үчүн даярдыктан өтүүсү”) менен жоопко тартыларын эскерткен.
Кылмыш-жаза кодексинин 416-беренесинде жалданма согушка азгыруу, каржылоо жана катышуу аракеттери үчүн 15 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган. (RK)