Газа: ХАМАСтын лидери Яхья Синвар өлтүрүлгөнүн Израил ырастады

Яхья Синвар

ХАМАС (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган) радикал уюмунун лидери, Израил бир жыл мурунку кандуу чабуулдун уюштуруучусу деп эсептеген Яхья Синвар жок кылынганын ЦАХАЛ 17-октябрда жарыялады. ХАМАС тобунан азырынча эч кандай маалымат боло элек.

Буга чейин Израилдин өкмөт башчысы Биньямин Нетаньяху ХАМАС радикал тобун жок кылмайынча согушту токтотуу жөнүндө сөз кылуу мүмкүн эместигин билдирип келген. Яхья Синвар деген ким болгон? Ал Газада жашырынып жүрүп, ХАМАСты кантип башкарган?

Израил армиясы ошентип үч айга жетпеген маалда Иран колдогон ХАМАС тобун экинчи жолу кол башчысыз калтырды.

ЦАХАЛдын Х социалдык түйүнүндөгү баракчасына «Яхья Синвар жок кылынды» деген гана билдирүү жарыяланып, ал кантип ишке ашканынын чоо-жайы айтылган жок.

Израилдин тышкы иштер министри Исраэл Кац да Синвар өлтүрүлгөнүн тастыктап, муну «бүткүл эркин дүйнөнүн жеңиши» деп атады.

Газа тилкесин көзөмөлдөгөн ХАМАС тобунан азырынча эч кандай маалымат боло элек.

Яхья Синвар ким?

Ал быйыл 6-августта ХАМАСтын саясий канатынын лидери болуп дайындалган. Ага чейин бул милдетти аркалаган Исмаил Хания 31-июлда Тегеранда жок кылынган. Ал үчүн Иран менен ХАМАС Израилди күнөөлөгөн.

Израилге 7-октябрда жасалган кол салуунунун архитектору деп боолголонгон Синвар Иран менен тыгыз байланышта экени белгилүү эле.

Хания дагы Ирандын жогорку даражадагы расмий адамдары менен тыгыз мамиледе болгон.

2017-жылдан бери ХАМАСтын Газадагы башчысы болуп жүргөн Синвардын жетекчиликке дайындалышы көптөр үчүн күтүүсүз болгонун аналитиктер белгилешкен.

“Палестин маселесине кызыккан эксперттердин бири да, өзгөчө Израилде Ханиянын ордуна Синвар келет деп ойлогон эмес. Синвардын жаңы лидер болушунун негизги себепкерлердин бири - Иран”, - деп айткан израил-палестин алакаларына адистешкен Тель-Авивдеги Улуттук коопсуздук иликтөөлөр институтунун илимий кызматкары Йоханан Цоррефф “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна курган маегинде.

ХАМАСтын саясий канатынын мурдагы лидери Исмаил Хания жана азыркы башчысы Яхья Синвар. 26-июнь, 2019-жыл.

Синвар Катарда уюмдун саясий бюросунун эки күндүк талкуусунан кийин дайындалган.

Израил түрмөсүндө радикалдашкан

Өз тарапташтарынын арасында Абу Ибрагим деген ысым менен белгилүү 61 жаштагы Синвар Газа тилкесиндеги Хан-Юнис шаарындагы качкындар лагеринде туулган.

Анын ата-энеси 1948-жылы араб-израил согушунун маалында Ашкелон шаарынан качып келген. Дал ошол согуштан кийин Израил мамлекети түзүлгөн.

Синвар 1987-жылы ХАМАС түзүлгөндөн көп өтпөй эле уюмга кошулуп, анын алкагында “Аль-Мажд” тобун негиздеген. Бул топтун башкы максаты ичтеги жөөт тыңчыларын аныктоо болгон. Синвар мыкаачылыгынан улам “Хан-Юнистен чыккан касапчы” деген атка конгон.

Синвар бир нече жолу израил аскерлеринин колуна түшүп, ар кандай кылмыштары, анын ичинен эки жоокерди өлтүргөнү үчүн бир нече ирет өмүр бою эркинен ажыратылган. Ал 20 жылдан ашуун Израилдин түрмөлөрүндө отурган.

Белгиядагы Эл аралык кризис тобундагы Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африка боюнча программасынын директору Йост Хильтерманн Израилдин түрмөсү Синварга кандай таасир эткенин мындайча сыпаттайт.

"Синвар көптөгөн палестин туткундарындай эле Израилдин түрмөлөрүндө катуу радикалдашкан”, - дейт Хилтерманн. Ал кошумчалагандай, Синвар камакта жатканда иврит тилин өздөштүргөн. Бул ага Израилдин лидерлеринин ой жүгүртүүсүн түшүнүүгө жол ачкан.

ХАМАСтын саясий канатынын лидери Яхья Синвар. 2-октябрь, 2017-жыл.

“Синвар - чындап катуу киши. Ал мерез, таш боордук жагынан Израил лидерлерине окшош”, - дейт Хилтерманн.

Түрмөдө отуранда Синвар эмгек шарттарын жакшыртууну талап кылып козголоң уюштуруп, ал жактагы палестиндердин лидерине айланган.

Хилтерманн кошумчалагандай, анын камакта топтогон тажрыйбасы 7-октябрдагы чабуулду уюштурууга жана ХАМАСты жетектөөгө өбөлгө болду.

Дагы караңыз Газадагы каардуу согушка бир жыл: Үрөй учурган сандар

Былтыр 7-октябрда ХАМАС алдын ала көп багытта пландалган, бир нече саатка созулган кол салууну Газа тилкесинен ишке ашырган. Израил 1139 киши набыт болгонун, алардын ичинде 685 өз жараны жана 71 чет элдик бардыгын билдирген.

ХАМАСтын согушкерлери 251 израилдикти барымтага алган. Алардын дээрлик жарымы бошотулган, башкаларын хамасчылар коё берген. Бирок 100дөн ашуун туткун дагы деле Газа тилкесинде барымтада отурса, калганы тирүүлөрдүн катарында жок деп саналат. Алардын айрымдары жөөт армиясынын соккусунда кокусунан набыт болгон.

Бир жыл мурун башталган согушта 41 миңден ашуун палестин набыт болгонун ХАМАС башкарган Газанын саламаттык сактоо мекемеси билдирген. Алардын көбү карапайым палестиндер, алардын ичинен өмүрү кыйылган балдар көп экендиги белгиленген.

Синвар түрмөдөн 2011-жылы Израил менен ХАМАСтын ортосундагы туткундарды айырбаштоо жараянын алкагында бошотулган. Анда бир израилдик аскер үчүн Тель-Авив 1000дей палестин туткунун азат кылган.

Эркиндикке чыккандан көп өтпөй Синвар Ханияны Тегеранга коштоп барып, Ирандын жогорку руханий лидери Али Хаменеи менен жолуккан. Синвар Ханиянын ордун басканы жарыяланган соң Хаменеинин X социалдык түйүнүндөгү аккаунтунда 2012-жылкы Синвар менен жолугушкан видеосу жарыяланган.

Израил армиясынын маалымат катчысы Дэниел Хагари былтыр 7-октябрдагы чабуулдан кийин Синварды “өлүк” деп атап, аны жок кылуу ЦАХАЛдын башкы милдеттеринин бирине айланган.

("Эркин Европа/Азаттык" радиосунун кабарчысы Киян Шарифинин макаласында негизинде жазылды)