Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:11

ХАМАСтын саясий лидери жок кылынды, Тегеран өч аларын айтты


Исмаил Хания. Бейрут, 22-июнь, 2022-жыл
Исмаил Хания. Бейрут, 22-июнь, 2022-жыл

Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу АКШ жана Еврошаркетте террордук деп таанылган палестиналык ХАМАС радикал тобунун саясий лидери Исмаил Ханиянын өлүмү иликтенерин билдирди. "Революция сакчылары" кол салуу үчүн Израилди айыптады. Израил тараптан окуяга байланыштуу маалымат түшө элек.

Ислам революциясынын сакчылар корпусунун маалыматына ылайык, 62 жаштагы Хания 30-июлда Ирандын жаңы президенти Масуд Пезешкиандын кызматка расмий киришүү аземине катышкан.

Иран колдогон АКШ жана Еврошаркетте террордук деп таанылган ХАМАС тобу лидеринин киши колдуу болгонун 31-июлда Телеграм-каналындагы постунда бышыктап, “Тегерандагы резиденциясына урулган аба соккусунан” өлгөнүн билдирди.

Ислам революциясынын сакчылары корпусуна жакын "Фарс" кабар агенттиги Х социалдык тармагына жазганына караганда, “Президенттин кызматка киришүү салтанатына катышуу үчүн Иранга келген Исмаил Хания Тегерандын түндүк ыптасындагы ардагерлер үчүн бөлүнгөн атайын резиденцияда жайгашкан. Ал абадан атылган дүрмөт менен өлтүрүлдү”.

Mehr агенттиги аны менен кошо жан сакчыларынын бири набыт болгонун жазды.

Палестинанын президенти Махмуд Аббас кол салууну айыптап, "окуялардын кооптуу нукта өнүгүүсү” деп атады. Бул тууралуу палестиналык WAFA кабар агенттиги маалымдады.

Орусия Ханиянын жок кылынышын “кабыл алынгыс саясий киши өлтүрүү” деп сыпаттаса, Түркия окуя Израил менен ХАМАСтын Газадагы согушун создуктуруп жибере турганын эскертти.

Жаңы эле ант берген президент Пезешкиан Иран аймактык бүтүндүгүн коргой турганын жазды.

Израил өкмөтүнөн Ханиянын өлтүрүлүшүнө байланыштуу расмий маалымат түшө элек. Бирок Фейсбуктагы баракчасында Ханиянын чекесине “Жок кылынды” деп жазылган сүрөттү көрүүгө болот. Ошол эле маалда постто Израил сөз болгон соккуну урду деген маалымат жок. Көп узабай ал пост өчүрүлүп, анын себеби түшүндүрүлгөн жок.

Хания ким болгон?

Хания Вашингтон ХАМАС менен Израилди ок атышууну убактылуу токтотууга көндүрүү, анкалавда барымтада кармалып жаткан кишилерди бошотуу келишимине жетишүүгө аракеттенген учурда өлтүрүлүп жатат.

Хания менен Эрдоган. Стамбул, 20-апрель 2024-жыл
Хания менен Эрдоган. Стамбул, 20-апрель 2024-жыл

АКШ, Израил, Катар жана Египет ошондой келишимди түзүүнү көздөгөн сүйлөшүүлөрдүн кезектеги айлампасына катышып келет.

Кошмо Штаттардын коргоо министри Ллойд Остин Хания каза болгон сокку тууралуу суроого жооп берип, “эч кандай кошумча маалыматы жоктугун” айтты.

Хания ондогон жылдардан бери ХАМАСтын мүчөсү болуп, 2017-жылы радикал уюмдун саясий лидерлигине келген. 2019-жылга чейин Газа тилкесинде жашап, андан кийин Катарга бозгунга кеткен.

ХАМАСтын саясий лидери Иранда жок кылынды
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:58 0:00

Маркум Израилдин анклавдагы согушу учурунда Жакынкы Чыгыштын улам бир өлкөсүнө барып, кризисти жөнгө салуу, барымтадагыларды бошотуу боюнча эл аралык сүйлөшүүлөргө катышып жүрдү.

Быйыл майда Гаагадагы Эл аралык кылмыш сотунун прокурору Карим Хан Израилдин өкмөт башчысын, коргоо министрин жана ХАМАС радикал тобунун үч лидерин Газадагы кылмыштар үчүн айыптап, аларды камоого ордер чыгарып берүүнү өтүнгөн.

Радикал уюмдун үч жетекчиси - Яхья Синавар, Мохаммед Дейф жана Исмаил Хания туткундарды барымтага алуу, зордуктоо, адамдарды кырып, кыйноого алуу жана башка адамгерчиликке жат кылмыштар үчүн айыпталган.

25-июнда Израилдин аба соккуларынан тилкедеги ал-Шати качкындар лагеринде кеминде 13 адамдын өмүрү кыйылганда, AFP агенттиги Ханиянын бир тууган карындашы Захр Хания жана башка жакын туугандары каза болгонун кабарлаган.

Быйыл апрель айында Ханиянын дагы бир карындашы - 57 жаштагы Зеба Хания Тел-Шевадагы үйүнөн "ХАМАСтын согушкерлери менен байланышкан, террордук уюмга мүчө болгон жана козуткан" деген шек менен кармалган. Тинтүү жүргүзүлгөндө анын үйүнөн жүз миңдеген шекел накталай акча табылганы кабарланган.

Бир нече күндөн кийин Зеба Ханиянын үч уулу жана төрт небереси жок кылынганы маалымдалган.

Ханиянын уулдары каза болгон жер. Газа шаары, 10-апрель 2024-жыл
Ханиянын уулдары каза болгон жер. Газа шаары, 10-апрель 2024-жыл

10-апрелде ЦАХАЛ Газада аба соккусунан Ханиянын уулдары Амир, Мохаммед жана Хазем өлтүрүлгөнүн тастыктаган жана аларды согушкерлер, ХАМАСтын мүчөлөрү деп атаган.

Эртеси Хания ал окуя Газа тилкесиндеги согушту токтотуу боюнча сүйлөшүүлөргө таасирин тийгизбей турганын билдирген.

Израил аскердик операциясын былтыр 7-октябрда ХАМАС тобу кол салып, 1200 кишини өлтүрүп, 250дөй адамды барымтага алып кеткенде баштаган. Жарымынан көбү бошотула элек.

Газанын ХАМАС көзөмөлдөгөн саламаттык сактоо мекемеси анклавда согуш башталгандан бери 39 миңден ашуун палестиналык набыт болгонун билдирүүдө.

30-июлда Израил “Хезболла” уюмунун командачысы Фуад Шукрду Бейрутта “жок кылышканын” билдирген. Израил ал өткөн ишембиде израилдик 12 баланын өмүрүн кыйган Голан дөңсөөлөрүнө урулган соккунун артында турат деп эсептейт.

ЦАХАЛ Х социалдык тармагындагы постунда Шукр “Хезболланын” чабуулдарын “багыттап” турганын жазды.

Ливандык уюм азырынча бул тууралуу үн ката элек.

XS
SM
MD
LG