Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:19

Жакынкы Чыгыш: "Хезболла" Израилге сокку урду, кырдаал чыңалууда


Ливан тараптан учурлган ракеталарды Израилдин "Темир калкан" абадан коргонуу системасы жок кылууда. 4-август, 2024-жыл.
Ливан тараптан учурлган ракеталарды Израилдин "Темир калкан" абадан коргонуу системасы жок кылууда. 4-август, 2024-жыл.

“Хезболла” радикал кыймылы 4-августка караган түнү Израилдин түндүгүндөгү Бейт-Хилель шаарына ракеталык чабуул жасады. Израил маалымат каражаттары жазгандай, ракеталардын баарын “Темир калкан” абадан коргонуучу системасы атып түшүрдү.

Аймактагы чыңалуу курчуп жаткан маалда Израил армиясы 3-августта Иордан дарыясынын Батыш жээгине жасалган аба соккулардан тогуз согушкер жок кылынганын билдирсе, Газанын Саламаттык сактоо башкармалагы ондогон карапайым тургундун өмүрү кыйылганын маалымдады.

Газадагы кырдаал

4-августтун таңында Газа тилкесинин борбордук бөлүгүндөгү чатырлар лагерине жасалган соккудан төрт кишинин өмүрү кыйылды. Ал лагер Аль-Акса ооруканасынын короосунда жайгашкан. Учурда Дейр-эль-Балахтагы бул оорукана аймакта иштеп жаткан саналуу медициналык жайлардын бири. Бейтаптардан тышкары бомбалоодон качкан миңдеген үй-жайсыздар ал жакта түнөк табышкан.

"Бул жакта көп эле адам бар болчу. Бир аял кызы менен бар эле. Экөө тең каза болуптур. Кээ бирлеринин дене-мүчөлөрү чачырап кетиптир. Экинчи аба сокку жасалганда, биз качып кеткенге үлгүрдүк. Эч нерсе алганга жетишкен жокпуз. Азыр эми келип тек-жайымды ырастоочу күбөлүгүмдү издеп жүрөм. Башка эч нерсенин деле кереги жок", - дейт аман калган газалык аял.

Андан бир нече саат мурда эле Газа шаарындагы мектептин имаратына жасалган аба соккудан кеминде 17 кишинин өмүрү кыйылганын анклавдын Саламаттык сактоо башкармалыгы билдирген.

Аталган мекеменин статистикасына караганда, Газада согуш башталгандан бери 39 миңдей кишинин өмүрү кыйылды. Бул куралдуу жаңжалдын башталышына ХАМАС (АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган) уюмунун Израилге кол салуусу түрткү болгон. 7-октябрда жоочулар Израилдин аймагына кирип барып, 1200дөй кишини өлтүрүп, 240тайын барымтага алып кеткен. Расмий Тель-Авив ХАМАСты (АКШ менен Евробиримдикте тыюу салынган) түп тамырынан бери жок кылуу максатында Газадагы аскердик операциясын баштаган. Он айдан бери уланып жаткан согушту токтотуу максатында АКШ, Египет, Катардын ортомчулугу менен жүрүп жаткан сүйлөшүүлөрдөн азырынча жыйынтык чыга элек.

Газа шаарындагы мектеп имаратына жасалган израил армиясынын аба соккусунун кесепети. 3-август, 2024-жыл.
Газа шаарындагы мектеп имаратына жасалган израил армиясынын аба соккусунун кесепети. 3-август, 2024-жыл.

Батыш жээктеги ЦАХАЛдын рейддери

Ал арада Иордан дарыясынын Батыш жээгинде 3-августта тогуз палестин согушкери жок кылынганын Израил армиясы билдирди. Маалыматка караганда, сокку ишемби таңда Тулькарм шаарына жакын жерде жоочулар отурган автоунаага урулган. ЦАХАЛ жок кылынгандар теракт жасоо үчүн багыт алганын билдирди. Ошол эле күнү түштөн кийин дагы төрт жоочу өлтүрүлгөнү маалым болду. Палестин автономиясынын Саламаттык сактоо министрлигинин статистикасына ылайык, Газа тилкесинде Израил армиясы менен ХАМАС радикал уюмунун согушу башталганы Батыш жээкте ЦАХАЛдын колунан 590дой палестин набыт болду. Алардын көбү Израил армиясынын рейддеринин маалында өлтүрүлгөн. Тулькарм шаарында жөөт армиясы утур рейд өткөрүп турат. Ошол эле шаарда ХАМАС жана "Палестин Ислам жихады" сыяктуу радикал уюмдардын жоочулары да бар.

Иордан дарыясынын Батыш жээгиндеги Женин шаарында жүрүп жаткан израил армиясынын рейди. 30-май, 2024-жыл.
Иордан дарыясынын Батыш жээгиндеги Женин шаарында жүрүп жаткан израил армиясынын рейди. 30-май, 2024-жыл.

Ханиянын өлүмү, Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдын курчушу

ХАМАС радикал уюмунун саясий лидери Исмаил Хания Тегеранда, андан бир күн мурда Бейрутта "Хезболланын" башкы командири Фуад Шукур өлтүрүлгөндөн кийин аймакта кырдаал кескин курчуп кетти. Иран жана анын тарапташтары, анын ичинде Ливанда отурукташкан “Хезболла” радикал уюму Израилден өч аларын убада кылышкан.

3-августта Ирандагы Ислам революциясынын сакчылар корпусу билдиргендей, Хания кыска аралыкка уча ала турган снаряд менен өлтүрүлгөн. Расмий Тегеран кол салууну колдогон деп АКШны айыптады.

"Шейит кеткен Исмаил Ханиянын өлүмү үчүн өч алуу сөзсүз болот. Авантюрага баткан, террордук сионисттик режим бул кылмышы үчүн катаал жооп, тиешелүү жерде жана маалда катаал жаза алат",- деп окуду Ислам революциясынын сакчылар корпусунун билдирүүсүн мамлекеттик телеканалдын алып баруучусу.

Израил армиясы Шукурдун өлүмү үчүн жоопкерчилик алганы менен Ханиянын өлтүрүлүшү боюнча үн катпай, агатиешеси тууралуу маалыматтарды ырастаган да, четке каккан да жок.

3-августта The New York Times басылмасы жазгандай, Ханиянын өлтүрүлүшүнө байланыштуу Ислам революциясынын сакчылар корпусунун ондогон офицерлери кармалып, иштен четтетилди. Макалада Хания анын бөлмөсүнө коюлган бомбанын жарылуусунан мүрт кеткени жазылат. Маалыматка караганда, бомба эки айдай мурда коюлушу мүмкүн. Ушундай эле версияны өз булактарына таянып британиялык Daily Telegraph гезити да жазды. Анда жарыяланган макалада белгиленгендей, бомбаны Израилдин “Моссад” чалгын кызматынын өкүлдөрү орнотуп кетишкен.

"Хезболланын" чабуулу

Хезболла” радикал кыймылы 4-августка караган түнү Израилдин түндүгүндөгү Бейт-Хилель шаарына ракеталык чабуул жасады. Израилдин Коргонуу армиясы (ЦАХАЛ) кол салуу тууралуу маалыматты ырастап, кесепеттери жөнүндө тактоо киргизген жок. Израил маалымат каражаттары жазгандай, ракеталардын барын “Темир калкан” абадан коргонуучу системасы атып түшүргөн.

Экстремисттик топ бул чабуулду жөөт армиясынын Ливандын түштүгүндөгү Кфаркелла жана Дейр-Сириан шаарларына жасалган кол салуусуна жооп катары мүнөздөдү. Дейр-Сириандын жанындагы аймакка урулган аба соккулардан “Хезболланын” командирлеринин бири жок кылынганы кабарланган. Ушул эле күнү АКШнын Бейруттагы элчилиги америкалыктарды “кризистик план” түзүп, аймактагы чыңалуудан улам тезирээк Ливандан чыгып кетүүгө чакырды. Ушундай эле эскертүүлөрдү Британия, Франция, Германия, Канаданын элчиликтери таратты.

"Хезболла" уюму 1982-жылы Ливандагы жарандык согуш маалында негизделген. Анын баштапкы максаттарынын бири Ливандын түштүгүн Израилдин оккупациялоосун токтотуу болчу. Буга радикал уюм 2000-жылы гана жетише алды.

Шийи мусулмандарынан турган кыймыл Иран колдогон фракциялардын жана өкмөттөрдүн катарына кирет.

Алгачкы жылдары топ АКШга караштуу гана жайларга кол салгандыктан, Вашингтон аны террордук уюмдардын катарына киргизген.

Эгер Израил менен "Хезболла" ортосунда куралдуу жаңжал тутанса, ага Сириядагы, Ирактагы жана Йемендеги ирандык күчтөр аралашуусу ыктымал. Андан тышкары АКШ да тартылып кетиши мүмкүн.

Израилдеги "Улуттук коопсуздукту иликтөө институту" талдоо борборунун эксперти Орна Мизрахи билдиргендей, "Хезболлада" 150 миңден 200 миңге чейин узак аралыкка сокку ура алган ракеталар бар. Анын айтымында, бул арсенал ХАМАСтыкына караганда беш эсе көп жана жогорку тактыкта иштейт.

XS
SM
MD
LG