Ишембиден жекшембиге караган түнү Орусиянын армиясынын Киев шаарына жасаган чабуулунда бир жер там кыйрады. Куткаруучулар урандынын алдынан 35 жаштагы тургундун жана анын төрт жашар уулунун сөөгүн алып чыкты. Дагы үч адам, алардын арасында 13 жашар кыз оор жараат алып, ооруканага жеткирилди.
Шааардык аскердик администрациясынын башчысы Сергей Попко түнкү чабуулдун чоо-жайы тууралуу маалымат берип, Телеграм-каналына шаар ушуну менен август айында экинчи ирет аткыланып жатканын жазды.
"Мындан алты күн мурдагыдай эле абадан жасалган чабуул өз максатына жеткен жок. Соккуга шаардын четки аймагы кабылды", - деп жазды Попко.
Орусия Украинаны күн сайын аткылап жатат. Өлкөнүн коргоо министрлиги аскердик объектилер гана бутага алынарын гана айтып, калктуу конуштарды атайлап бутага алат деген дооматтарды четке кагып келет.
Дагы караңыз
"Электр станциялары": Токтогул ГЭСин оңдоодо маанилүү этап аяктадыБыйыл Ала-Бука-Чаткал жолунун 70 чакырымы оңдолотКурск: ракетанын сыныгы көп кабаттуу үйгө кулап, 13 адам жараат алды Зеленский “согуш агрессордун аймагына сүрүлгөнүн” айтты Газадагы чабуулда 100дөн ашык адам мерт болуп, ондогон киши жараат алды Жалал-Абад шаарында тез татым жайы толугу менен өрттөнүп кетти Бразилияда жүргүнчү учак кыйрап, 61 адам набыт болду