Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:09

Быйыл Ала-Бука-Чаткал жолунун 70 чакырымы оңдолот


Чаткалдын жолу, архивдик сүрөт.
Чаткалдын жолу, архивдик сүрөт.

Ала-Бука-Чаткал жолунун 25 чакырымына асфальт төшөө аяктады, жыл аягына чейин жалпысынан 70 чакырымы ондолот. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин спикери Нурланбек Шакиев баштаган депутаттардын жергиликтүү эл менен жолугушуусунда айтылды. Калган 100 чакырым жолду оңдоо кийинки жылы бүткөрүлөрү, андан сырткары Талас облусуна ашкан жолдун 19 чакырымына дагы асфальт бастырылары белгиленди.

Кыргызстандагы эң алыскы райондордун бири болгон Жалал-Абад облусуна караштуу Чаткал районундагы жолго байланыштуу маселе бир канча жылдан бери көтөрүлүп келген.

Июнь айында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров быйыл жалпысынан 400 чакырым жол оңдолорун маалымдаган.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстан автожолдорду курууга эл аралык каржы уюмдарынан 2,5 миллиарддан ашык доллар насыя алган жана анын басымдуу бөлүгүн Кытай берген.

XS
SM
MD
LG