Париж-2024: Жоламан Шаршенбеков менен Мээрим Жуманазарова жарым финалга чыкты

Мээрим Жуманазарова нигериялык балбан Нонока Озаки менен күрөшүп жаткан учур.

Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарында 5-августта грек-рим күрөшүнөн 60 килограмм салмакта кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков чейрек финалда румыниялык Разван Арнаутту 9:0 менен утуп, жарым финалга чыкты. Кыргызстандык спортчу 1\8 финалда алгачкы атаандашы казакстандык балбан Айдос Султангалини 6:3 эсебинде жеңген. Жоламан Шаршенбеков жарым финалда жапониялык Кеничиро Фумита менен күч сынашат.

Ушул эле күнү балбан кыз Мээрим Жуманазарова кыз-келиндер күрөшүнөн 68 килограммга чейинки салмакта чейрек финалда күчтүү делген атаандашы Нонока Озакини акыркы көз ирмемде 8:6 менен утуп, жарым финалга чыкты. Ал 1\8 финалда биринчи атаандашы монголиялык Дэлгермаа Энхсайханды 8:3 эсебинде жеңген.

Жарым финалдык беттештер Бишкек убактысы боюнча 6-августка караган түнү болот.

Кыргызстандан бул Олимпиада оюндарына спорттун беш түрүнөн 16 спортчу лицензия алган. Буга чейин дзюдочулар Эрлан Шеров менен Кубанычбек Айбек уулу жеңилип, мелдештерин жыйынтыктады. Суучул Денис Петрашов брасс стилинде 100 жана 200 метр аралыктарга жарышка чыгып, 100 метр аралыкта 23-орунду, 200 метр аралыкта 14-орунду ээледи. Сууда сүзүүдөн Елизавета Печерских аялдар арасындагы 50 метрге эркин сүзүүдө 79 спортчунун ичинен 30-орунду ээлеп, мелдешин жыйынтыктады.

Ал эми мушкер Мунарбек Сейитбек уулу бокстон мелдештин жарым финалына чыкты. Эми ал 9-августка караган түнү саат 1:46да жарым финалда болгариялык Хавьер Ибаньес Дияс менен беттешет.

Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндары, кыргыз спортчуларынын мелдештери тууралуу "Азаттыктын" "Париж-2024: Олимпиада жаңылыктары" баракчасынан окуңуз. (BTo/GT)

Дагы караңыз

Париж-2024: Жоламан Шаршенбеков биринчи атаандашын уттуПариж-2024: Мээрим Жуманазарова монголиялык атаандашын уттуЕЭК: Чет элдиктер тууралуу мыйзамдын ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн жарандарына тиешеси жокУкраина Орусиянын Су-34 учагын жок кылганын билдирдиУкраина бир нече жараны жараат алганын билдирдиГазанын жарандык коргонуу мекемеси дагы 30 адам каза болгонун билдирдиЖети айда 161,3 млрд сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү чогулду Чет өлкөлөрдө соттолгон 40 кыргыз жараны мекенине которулдуПрокурор Камчы Көлбаевдин апасын 10 жылга абакка кесүүнү сурады