Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:34

Париж-2024: Мээрим Жуманазарова монголиялык атаандашын утту


Мээрим Жуманазарова менен Дэлгермаа Энхсайхан.
Мээрим Жуманазарова менен Дэлгермаа Энхсайхан.

Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарында 5-августта кыргызстандык балбан кыз Мээрим Жуманазарова кыз-келиндер күрөшүнөн 68 килограммга чейинки салмакта 1\8 финалда алгачкы атаандашы монголиялык Дэлгермаа Энхсайханды 8:3 эсебинде жеңип, чейрек финалга чыкты.

Мээрим Жуманазарова 24 жашта. Токио Олимпиадасынын коло медалынын ээси (2021). Кыз-келиндер күрөшүнөн дүйнөнүн жана Азиянын чемпиону (2021), Азия оюндарында коло (2018) медалын жеңген. Эки ирет Азия чемпионатынын күмүш (2022), коло (2018, 2019) медалдарын уткан.

Кыз-келиндер күрөшү боюнча 68 килограммга чейинки салмакта жалпы 16 спортчу бар.

  • Мээрим Жуманазарова (Кыргызстан)
  • Блессинг Оборудуду (Нигерия)
  • Эмит Элор (АКШ)
  • Ирина Рингач (Молдова)
  • Бусе Тосун (Түркия)
  • Энсайхан Делгермаа (Монголия)
  • Кумба Ларрок (Франция)
  • Нонока Озаки (Жапония)
  • Солейми Карабальо (Венесуэла)
  • Тайла Форд (Жаңы Зеландия)
  • Виктория Холуй (Польша)
  • Пак Сольгум (Түндүк Корея)
  • Ниша Дахия (Индия)
  • Чжоу Фэн (Кытай)
  • Линда Мораис (Канада)
  • Татьяна Сова Рижко (Украина)

Кыргызстандан бул Олимпиада оюндарына спорттун беш түрүнөн 16 спортчу лицензия алган. Буга чейин дзюдочулар Эрлан Шеров менен Кубанычбек Айбек уулу жеңилип, мелдештерин жыйынтыктады. Суучул Денис Петрашов брасс стилинде 100 жана 200 метр аралыктарга жарышка чыгып, 100 метр аралыкта 23-орунду, 200 метр аралыкта 14-орунду ээледи. Сууда сүзүүдөн Елизавета Печерских аялдар арасындагы 50 метрге эркин сүзүүдө 79 спортчунун ичинен 30-орунду ээлеп, мелдешин жыйынтыктады.

Ал эми мушкер Мунарбек Сейитбек уулу бокстон мелдештин жарым финалына чыкты. Эми ал 9-августка караган түнү саат 1:46да жарым финалда болгариялык Хавьер Ибаньес Дияс менен беттешет. (BTo)

XS
SM
MD
LG