Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:26

Украина Орусиянын Су-34 учагын жок кылганын билдирди


Су-34. Архивдик сүрөт.
Су-34. Архивдик сүрөт.

Украина Орусиянын Ростов облусунда жайгашкан аскердик базага чабуул коюп, кеминде бир аскердик учагын жана жанындагы ок-дары кампасын жок кылганын билдирди. Өлкөнүн Коргоо министрлигинин Башкы чалгын башкармалыгы буга спутниктен тартылган сүрөттөр далил экенин 5-августта маалымдады.

"Космостук чалгын маалыматтар 3-августта Морозовскидеги аскердик аэродром өрттөнүп, натыйжада Су-34 бомбалоочу истребители жок кылынганын көрсөтүүдө", - деп билдирди мекеме жана спутниктен тартылган сүрөттөр ок-дары кампасындагы жарылуудан дагы эки Су-34 учагы жабыркаган болушу мүмкүн экенин көрсөтүп турганын кошумчалады.

Морозовск шаарындагы авиабаза, украин тарап белгилегендей, фронт тилкесинен чыгышты көздөй болжол менен 265 чакырым аралыкта жайгашкан.

Орусия Украинанын бул билдирүүсү боюнча азырынча комментарий бере элек.

Быйыл 5-апрелде да украин армиясынын Морозовск аймагына жасалган жапырт дрон чабуулунан кеминде алты аскердик учак жок кылынганы маалымдалган. Бул кабар расмий тастыкталган эмес.

4-августта Украинанын президенти Владимир Зеленский F-16 истребителдери өлкөгө келгенин жарыялаган. Орус агрессиясынан коргонуу үчүн мындай техника зарыл экенин украин бийлиги көптөн бери айтып келаткан. Мындай учактардан канчасы тийгенин Зеленский тактаган жок, бирок аба күчтөрү аларды "колдоно баштаганын" айтты. (RK)

XS
SM
MD
LG