Эл аралык ТҮРКСОЙ уюмунун колдоосу менен Анкаранын BENGÜ басмасынан “Казыбек казалчы” китеби түрк тилинде жарык көрдү.
Бул тууралуу жазуучу, эл аралык ТҮРКСОЙ уюмунун баш катчысы Султан Раев "Азаттыкка" билдирди.
"Атактуу “Казыбек казалчынын” түрк тилинде чыккан китеби кыргыз адабиятындагы чоң көрүнүш. Түрк дүйнөсүнө жайылган биздин мурасыбыз катары бааланат. Казыбек казалчынын тагдыры, чыгармачылыгы, басып өткөн жолу өтө оор, трагедиялуу, драмалуу болду. Совет доорунда тоталитардык системанын кордугун көрүп, өмүрү түрмөдө өтсө да, эч муюбай, чыгармачылыгын калтырып койбой, элине болгон сый-урматын, сүйүүсүн, чындыгын, көкүрөк арманын жазып калтырган улуу акындарыбыздын бири. Эми Казыбек казалчыны Түрк дүйнөсү таанып, окуй баштайт. Эми ал Түрк дүйнөсүндө жашайт", - деди Раев.
Ал Казыбек казалчынын чыгармачылыгы анчейин изилденбей келгенин айтып, бул багытта да иштер жанданышы керектигин белгиледи.
"Казыбек казалчы" китебин Токтобек Асаналиев түзгөн, түрк тилине Мээрим Сайдилкан, Сабырбек Бөрүбай, Айканыш Адилова, Анар Мамбетисаева которгон.
Казыбек Маметемин уулу 1901-жылы (айрым маалыматтар боюнча 1902-жылы) Ат-Башы районунун Чет-Келтебик жайлоосунда туулган. Атасы Маметемин бий болуп 10 жылча иштеген. Анын бий болушуна Шабдан Жантай уулунун көмөгү тийген.
Казыбек жаш кезинен эле жамактатып ыр чыгарып, акын катары эрте таанылган. Бирок атасы ага алгач каршы болуп, кийин 1929-жылы Кыргызстан боюнча 44 манап, бай, бийлер Оренбург шаарына (Орусия) сүргүнгө айдалгандан тартып Казыбектин ыр чыгарып, казал айтышына каршылыгын токтоткон.
Казыбек Оренбург шаарынан бошоп келгенден кийин кайындары тарапта - Ак-Талаа районунда жашап жүрүп, кийин Ат-Башыга барган учур совет өкмөтүнө каршы көтөрүлүшкө туш келип, эл менен Кытайга качкан.
Дагы караңыз Нарындагы көтөрүлүштөр: ырайымсыз жазалоо жана бозгунАндан кайра Кулжа тарапка бараткан маалда советтик аскерлердин колуна түшүп, соттолгон. Айрым маалыматтар боюнча Ташкент шаарында, айрым кабарлар боюнча Чырчыкта, кээ бир маалыматтар боюнча ал жактан келатканда Өзгөн районунун аймагында Казыбек Маметемин уулу 40 жашка чыгып, чыкпай каза тапкан. Сөөгү кайсы жерге коюлганы белгисиз.
Казыбектин ырларына Советтер Союзу маалында тыюу салынган. Ага карабай анын ырлары эл арасына кеңири таанылып, ооздон-оозго өтүп айтылып келген. Анын чыгармачылыгын иликтеген бир катар окумуштуулар Казыбекти Токтогул Сатылганов, Жеңижок Көкө уулунан ашса ашып, кем калбаган залкар акын болгонун белгилешет.
1982-жылы 1-январда жазуучу Чыңгыз Айтматовдун көмөгү менен санжырачы, казыбекчи Рыскулбек Байдилде уулунун айтуусунда Казыбектин казалдары республикалык теле аркылуу жалпы элге жарыя болот. Ошондон тартып Казыбектин айланасында талкуу кайра кызыган.
Эгемендиктин алгачкы жылдары Ат-Башы районундагы Пограничник айылына Казыбектин аты коюлуп, Нарын шаарында анын эстелиги ачылган.
Мыйзам жүзүндө Казыбек Маметемин уулу 2022-жылдын 16-февралда гана Жогорку сот тарабынан толук акталды.