Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:53

Орусия согушка тарткан бешинчи индиялык каза тапты


Индиялык аскердин зыйнаты (архивдик сүрөт).
Индиялык аскердин зыйнаты (архивдик сүрөт).

Украинадагы согушта Индиянын жараны каза тапты. Анын жакындары ал алдамчылык жол менен орус армиясына азгырылганын айтууда. Бул тууралуу France Press жана Би-Би-Синин орус кызматына шилтеме кылып "Радио Свобода" жазды.

22 жаштагы Рави Мундун бир тууганы аны азгыргандар Орусияда транспорт тармагында ишке орноштурууну убадалашканын, бирок келгенде курал кармоону үйрөтүп, март айында фронтко жиберишкенин айтууда.

"Аны менен байланыш жоголгон соң, Индиянын Москвадагы элчилигине кайрылдык. Ал жерде аны каза тапканын кабарлашты", - дейт маркумдун бир тууганы. Ал кандай шартта каза тапканы айтылган жок.

Бул Украинадагы согушта ажал тапканы ырасталган жыл башынан берки Индиянын бешинчи жараны болуп калды.

Буга чейин Индиянын жүздөгөн жараны Орусиянын аскеринин катарында Украинадагы согушка катышууга тартылганы кабарланып келген. Жакында эле Индиянын премьер-министри Нарендра Модинин Москвага иш сапарынын алкагында Индия жарандарын демобилизациялоо жана мындан ары аларды согушка тартууга жол бербөө маселеси талкууланганы айтылган.

Өткөн аптада Индиянын Тышкы иштер министрлиги орус армиясынын курамындагы 50дөй жаранын өлкөгө кайтаруу аракетин көрүп жатканын билдирди. 2024-жылдын февралында Индия 20дай жаранын кайтарууга аракет кылганын айткан. AFP Индиянын бир катар жаранына урандыларды иреттөө сунушталып, бирок алар келгенде курал-жарак таратылганын жазган.

Мартта Индиянын жети жараны алдамчылык жол менен Украинага каршы согушка алып келингендерин айтып, видео кайрылуу жолдошкон.

Май айында Индиянын борбордук иликтөө бюросу жарандарды Орусиянын катарында согушуу үчүн Орусиянын Коргоо министрлиги менен келишим түзүүгө мажбурлаган, адам сатуу боюнча ири тармакка катышы бар төрт жаранды кармаганын билдирген.

XS
SM
MD
LG