Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:00

Улуттук банктын төрагасы доллардын арзандашына түшүндүрмө берди


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Улуттук банктын төрагасы Мелис Тургунбаев Кыргызстанда АКШ долларынын курсу төмөндөп жатканы боюнча 30-июлдагы маалымат жыйында түшүндүрмө берди.

Ал доллардын арзандашын туристтик сезонго байланыштырып, сырттан келгендердин саны өсүп, аны менен кошо өлкөдө доллардын көлөмү көбөйгөнүн белгиледи.

“Улуттук банк күн сайын рыноктогу кырдаалга көз салып турат. Алмашуу курсундагы туруктуулукту камсыз кылуу үчүн жыл башынан бери 15 жолу интервенция жасадык. Анын үч жолкусунда рынокко доллар сатсак, 12синде доллар сатып алдык. Жалпы интервенциянын көлөмү 308 миллион долларды түздү”, - деди Тургунбаев.

Кыргызстанда соңку учурда АКШ долларынын сомго карата наркы төмөндөп жатканы байкалууда. Улуттук банктын сайтындагы маалыматка ылайык, 30-июлга карата 1 доллар 84,03 сом деп бааланууда.

XS
SM
MD
LG