Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:52

АКШ Украинага 1,5 млрд жана 200 млн долларлык эки пакет жардам көрсөтөт


Америкалык Patriot абадан коргонуу системасы
Америкалык Patriot абадан коргонуу системасы

АКШ бийлиги Украинага 200 миллион жана 1,5 миллиард долларлык эки жаңы пакет аскердик жардам берерин жарыялады.

Аскердик жардамдын биринчиси тууралуу дүйшөмбү күнү Ак үйдүн улуттук коопсуздук тармагынын байланыштар боюнча координатору Жон Кирби билдирди.

Жардам пакети абадан коргонуу системаларын, HIMARS системалары үчүн ок-дарыларды, минометтук снаряддарды жана Javelin танкаларга каршы ракеталарын камтыйт. Мунун баары президенттин курал-жарактарды кыскартуу боюнча милдеттенмесинин алкагында Америка армиясынын кампаларынан Украинага жеткирилет.

Экинчи, кымбатыраак жардам тууралуу АКШнын Коргоо министрлиги кабарлады. Жардам Украинанын коопсуздугун колдоо демилгесинин (USAI) алкагында берилет. Бул демилге курал-жарак өндүрүүчүлөр менен узак мөөнөттүү келишимдерди түзүүнү көздөйт.

Бул пакетке абадан коргоо түзүмдөрүн күчтөндүрүүчү, мурда алынган техникалар үчүн кошумча, кыска жана узак аралыкта абадан коргонуу жана ракеталары, радиоэлектрондук күрөш үчүн каражаттар, HIMARS жана NASAMS системалары үчүн ок-дарылар, жогорку тактыктагы авиациялык ок-дарылар, артиллериялык снаряддар жана минометтук миналар кирет.

Орусия Украинага толук масштабдуу согуш баштагандан бери АКШ Киевге 55 миллиард доллардан ашуун аскердик жардам көрсөттү.

XS
SM
MD
LG