Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:03

Улуттук банк өлкөдө инфляциянын көрсөткүчү төмөндөп жатканын билдирди


Улуттук банк.
Улуттук банк.

Улуттук банк эсептик ченди 9% бойдон кармоо чечимин кабыл алып, ал 30-июлдан тарта күчүнө кирди. Бул тууралуу башкы банктын төрагасы Мелис Тургунбаев маалымат жыйында билдирди.

Ал эсептик ченди өзгөртүүсүз калтырууга инфляция фактору, өлкөдөгү экономиканын өнүгүү тенденциясы, тышкы экономикалык чөйрөдөгү шарттар себеп болгонун түшүндүрдү.

“Кыргызстанда инфляциянын басаңдоосу уланып жатат. Өлкөбүздүн жылдык инфляциясынын көрсөткүчү 19-июлга карата 4,2% түздү. Инфляция түзүмү азык-түлүк товарларына баалардын өсүш арымынын туруктуу басаңдашы байкалууда. Эгер 2024-жылдын январь айына азык-түлүккө баалардын жылдык өсүшү 2% түзсө, июлда 0,6% чейин төмөндөгөн. Башка товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн баасынын өсүшү төмөндөгөн”, - деди Тургунбаев.

Башкы банктын төрагасы жарым жылдын жыйынтыгы менен реалдуу ички дүң өнүмдүн өсүшү 8,1% түзгөнүн кошумчалады. Мындай өсүштү кызмат көрсөтүүлөр жана курулуш тармагы кошкон.

Улуттук банк буга чейин 28-майда эсептик ченди 11 пайыздан 9га түшүргөн.

Эсептик чен – инфляциялык процессти жөнгө салуучу негизги финансылык куралдардын бири болуп саналат. Ал коммерциялык банктардагы насыялар менен депозиттердин пайыздык ченине түз таасир этет.

Коммерциялык банктар өзүнүн пайыздык чендерин аныктап жаткан учурда Улуттук банктын эсептик ченине багыт алышы кажет. Улуттук банктын эсептик чени жогору болсо, коммерциялык банктардын насыялары менен депозиттеринин пайыздык чендери да жогору болот, төмөн болсо төмөндөйт.

XS
SM
MD
LG