Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:57

Мамдумада жарандык алган чет элдиктердин аскер кызматын өтөө мөөнөтүн узартуу сунушталды


Орусиянын Мамлекеттик Думасы Орусиянын жарандыгын алган чет элдиктердин аскер кызматын өтөө мөөнөтүн эки жылга чейин узартууну карайт.

Аскерге чакыруу жаш курагын жогорулатуу сунушталды. Бул туралуу парламенттин төмөнкү палатасына шилтеме кылып, "Радио Свобода" жазды.

Мыйзамга тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү жазгы сессия жыйынтыкталганча, 5-августка чейин кароо пландалууда.

Билдирүүгө караганда, Мамдуманын төрагасы Вячеслав Володин эмгек мигранттарын да аскердик учетко алууга байланыштуу демилгени даярдоону сунуштады.

Орус жарандыгын алууда негизги талап да аскердик учетко туруу болору божомолдонууда. Бул Орусиянын паспортун алуу учурунда ишке ашат.

Өзгөртүүлөрдү даярдоону Володин Мамдуманын төрагасынын орун басары Ирина Яровага, Коргонуу комитетинин башчысы Андрей Картаполовага, "Единая Россия" фракциясынын жетекчисинин биринчи орун басары Дмитрий Вяткинге жана маалымат саясаты, маалымат технологиялары жана байланыштар комитетинин төрагасы Александр Хинштейнге тапшырды.

Буга чейин Володин миграцияны көзөмөлдөөгө багытталган 25 мыйзам долбоору депутаттардын кароосунда турганын билдирген.

XS
SM
MD
LG