Ташиев жарым жылда коррупциядан 50 млрд сом өндүрүлгөнүн айтты

Камчыбек Ташиев

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 2024-жылдын алты айында атайын кызмат бюджеттен 70 млрд сомдон ашык каражат уурдалганын аныктап, анын 50 млрд сомун өндүрүп казынага өткөрүп бергенин билдирди.

Бул тууралуу ал УКМКнын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча коллегияда айтканын атайын кызматтын басма сөз кызматы кабарлады.

Камчыбек Ташиев өлкөдө тынчтыкты камсыз кылуу жана мыйзамдуулукту орнотуу боюнча коюлган тапшырмаларды так аткаруу, кылмыштуулукка каршы күрөшүү, баңгизаттарга, эктремизмге жана террорчулукка каршы чараларды күчөтүү зарыл экенин кошумчалаган.

УКМК 50 млрд сом кайсы иш боюнча кимдерден өндүрүлгөнү тууралуу так маалымат берген жок. Коомдо коррупцияга каршы күрөш ачык-айкын, кармалган шектүүлөрдүн мамлекетке төккөн каражаты мыйзам чегинде болушу керек деген пикирлер айтылып келет.

Transparency International (TI) эл аралык уюму 2023-жылдагы дүйнөнүн 180 өлкөсүндөгү коррупциянын индексин жарыялаган. Рейтингде Кыргызстан 141-орунду ээлеп, 2022-жылдагы көрсөткүчкө караганда бир баскычка артка кеткен. (BTo)

Дагы караңыз

Эрдоган Түркия НАТОнун Израил менен кызматташуусун жактырбай турганын айттыКыргызстанда көрүстөндөрдүн бирдиктүү дизайны иштелип чыгатАсман шаарынын алгачкы имараты бир жарым жыл ичинде салынышы мүмкүн Орусияда иштеген беш миңдей мигрант Бишкектен жардам сурадыАвстралияда теги орусиялык жубайлар тыңчылыкка шектелип кармалдыБишкекте жумушсуздардын көбүн аялдар жана жаштар түзөтЖусуп Абдрахмановдун “Кыргызстан” китеби түрк тилине которулдуПакистан 44 миң ооган жараны АКШ жана башка өлкөлөргө көчүрүүнү күтүп жатканын билдирдиБалыкчыдагы автобекет менчикке мыйзамсыз берилгени аныкталды