Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:48

Кыргызстанда көрүстөндөрдүн бирдиктүү дизайны иштелип чыгат


Кочкор районундагы көрүстөн.
Кочкор районундагы көрүстөн.

Кыргызстанда көрүстөндөрдүн бирдиктүү дизайны иштелип чыгат.

Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев 12-июлда Бишкектеги брифингде билдирди. Анын айтымында, демилге президентке таандык жана адистерге тапшырма берилди.

Орунтаев бул тажрыйба АКШда, Европада бар экенин кошумчалады жана мындай ыкма кымбат эстеликтерден арылып, элдин баарына түйшүк жаратпаган шарт түзөрүн айтты. Cөөк коюлбай калган эски көрүстөндөрдү рекультивациялоо зарылдыгын белгиледи.

Мунун алдында президент Садыр Жапаров элди маркумдарды жерге берүүдө ашыкча чыгымдан баш тартып, мүрзөгө эстелик тургузуп, тегерек-четин коруп албоого чакырган.

Кыргызстанда мүрзөлөргө маркумдун аты-жөнү жазылып, сүрөтү чектирилген кымбат эстеликтерди койгондор, сөөк коюлган жердин айлана-тегерегин тосуп салган мисалдар арбын. (SE)

XS
SM
MD
LG