Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:30

Бишкекте жумушсуздардын көбүн аялдар жана жаштар түзөт


Бишкек шаарынын көчөлөрүнүн биринде тартылган сүрөт.
Бишкек шаарынын көчөлөрүнүн биринде тартылган сүрөт.

Бишкек шаарында расмий эсепте 4952 тургун жумушсуз деп катталган. Алар негизинен аялдар жана жаштар. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин 10-июлда чыгарган маалыматында айтылат.

Мекеменин Фейсбуктагы баракчасында жарыяланган кабарга ылайык, 1-июлга карата баш калаада 4408 бош иш орду бар. Иш берүүчүлөр талап кылган адистердин 74% жакыны атайын кесиптик багыттарда.

Жарым жыл ичинде Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгына 8600 жумуш издеп кайрылган. Алардын ар бир үчүнчүсү ишке орноштурулганы айтылат.

Аталган министрлик май айында жалпы өлкө боюнча Кыргызстанда 91 600 адам жумушсуз экенин, анын ичинен 64 миң 600ү ишсиз катары расмий каттоодо турганын билдирген.

Ал эми Улуттук статистика комитетинин сурамжылоосунун негизинде 131 миң 600 адамды түзөт. Алардын 44,3% аялдар. Өлкөдөгү жалпы жумушсуздук деңгээли 5% жакын деп көрсөтүлгөн.

29-февралда Эл аралык республикалык институт (IRI) уюмунун тапшырмасы боюнча SIAR изилдөө-консалтинг компаниясы жүргүзгөн сурамжылоонун жыйынтыгы чыккан. Ага катышкандардын көбү Кыргызстан үчүн бүгүнкү күндө эң олуттуу көйгөйлөрдүн бири жумушсуздук экенин айтышкан. (SE)

XS
SM
MD
LG