Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:53

Жусуп Абдрахмановдун “Кыргызстан” китеби түрк тилине которулду


Китептин мукабасы.
Китептин мукабасы.

Советтик жана кыргыз мамлекеттик ишмер Жусуп Абдрахмановдун 1928-жылы жарык көргөн кыргыз тилинде араб арибинде жазылган, өлкөнүн абалы жана келечеги жөнүндөгү ой чабыттарын чагылдырган “Кыргызстан” деген китеби түрк тилине которулду.

Аны Кыргыз-Түрк “Манас” үниверситетинин Эл аралык мамилелер бөлүмүнүн аспиранты Эрдем Йылмаз которгон.

“Кыргызстан” китеби 1928-жылы Октябрь революциясынын жеңишинин 11 жылдыгына карата араб арибинде жарык көргөн. 2018-жылы кириллица тамгасына которулуп кайра басылып чыккан.

Жусуп Абдырахманов китебинде Кыргызстандын келечегине чексиз ишенип, өлкөдөгү ар бир тармактын маселелерине токтолуп, аны кантип чечүү боюнча сунуштарын жазган.

Кыргыздын алгачкы мамлекеттик ишмерлеринин бири Жусуп Абдрахманов 1937-жылы камакка алынып, ага антисоветтик террорист, Социал-Туран партиясынын түзүүчүсү деген жалган айыптар тагылып камалган. Ал 1938-жылдын 5-ноябрда өлтүрүлгөн. Сөөгү Ата-Бейит мемориалдык комплексинде Сталиндик репрессиянын курмандыгы болгон адамдар менен бирге коюлган. (BTo)

XS
SM
MD
LG