Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:35

Балыкчыдагы автобекет менчикке мыйзамсыз берилгени аныкталды


Балыкчы шаарынын автобекети менчикке мыйзамсыз берилгени аныкталды. Бул тууралуу 12-июлда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Шаардык прокуратура мыйзамсыз менчиктештирип алган жеке тараптын укук аныктоочу документтерин жокко чыгартуу үчүн сотко доо арыз берген. Соттун чечими менен менчиктештирүү документтери жараксыз деп табылды.

Анын негизинде шаардык мэрияга прокурордук талап жөнөтүлүп, автобекет мамлекетке кайтарылган.

Расмий маалыматта автобекетти ким жеке менчикке өткөрүп алганы же кимге качан сатылганы тууралуу айтылган эмес.

Автобекет Балыкчы шаарынын Абдрахманов көчөсүндө жайгашкан. Жалпы аянты бир жарым гектардан ашат. Прокуратуранын эсебинде анын орточо базар баасы 85 млн 501 миң сомду түзгөнүн билдирди. (SE)

XS
SM
MD
LG