Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:41

Эрдоган Түркия НАТОнун Израил менен кызматташуусун жактырбай турганын айтты


Режеп Тайып Эрдоган.
Режеп Тайып Эрдоган.

Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган расмий Анкара НАТОнун Израил администрациясы менен өнөктөштүк мамиледе болушун колдобой турганын билдирди. 12-июлда Вашингтондо НАТО саммитинин жыйынтыгы боюнча пресс-конференцияда сүйлөп жатып ал:

«Палестинада ар тараптуу, туруктуу тынчтык орномоюнча Израил менен НАТО алкагында кызматташуу аракетин Түркия жактырбайт», - деди.

Эрдоган түрк бийлиги Украинадагы согушту токтотуу боюнча дипломатиялык аракеттерин улантып жатканын кошумчалады.

Ошондой эле ал тышкы иштер министри Хакан Фиданга Сириянын президенти Башар Асад менен жолугуу, бул мамлекет менен мамилени калыбына келтирүү аракетин баштоо тапшырмасын бергенин айтты.

Кошмо Штаттардан F-16 истребителдерин сатып алуу маселесине байланыштуу Эрдоган «Мен Байден [АКШ президенти Жо Байден] менен сүйлөштүм. «Бул маселени 3-4 апта ичинде чечем», — деди ал.

Быйыл март айында түрк бийлиги Швециянын НАТОго мүчө болушуна макулдугун бергенден кийин АКШ Сенаты Түркияга 23 миллиард долларга F-16 учактарын жана жаңылоо комплектилерин сатуу келишимин токтотуудан баш тарткан. Вашингтондогу пресс-конференцияда Эрдоган альянстагы өнөктөштөрүнүн терроризмге каршы күрөш үчүн тилектештик мамилесине үмүттөнөрүн билдирди.

Израил дээрлик тогуз айдан бери Газа секторунун улам бир шаарын бутага алууда. Муну ал былтыр 7-октябрда Израилге кол салган ХАМАС тобун (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган) жок кылууга багытталган аскердик операция деп атоодо. (RK)

XS
SM
MD
LG