Жусуп Абдрахмановдун “Кыргызстан” китеби түрк тилине которулду

Китептин мукабасы.

Советтик жана кыргыз мамлекеттик ишмер Жусуп Абдрахмановдун 1928-жылы жарык көргөн кыргыз тилинде араб арибинде жазылган, өлкөнүн абалы жана келечеги жөнүндөгү ой чабыттарын чагылдырган “Кыргызстан” деген китеби түрк тилине которулду.

Аны Кыргыз-Түрк “Манас” үниверситетинин Эл аралык мамилелер бөлүмүнүн аспиранты Эрдем Йылмаз которгон.

“Кыргызстан” китеби 1928-жылы Октябрь революциясынын жеңишинин 11 жылдыгына карата араб арибинде жарык көргөн. 2018-жылы кириллица тамгасына которулуп кайра басылып чыккан.

Жусуп Абдырахманов китебинде Кыргызстандын келечегине чексиз ишенип, өлкөдөгү ар бир тармактын маселелерине токтолуп, аны кантип чечүү боюнча сунуштарын жазган.

Кыргыздын алгачкы мамлекеттик ишмерлеринин бири Жусуп Абдрахманов 1937-жылы камакка алынып, ага антисоветтик террорист, Социал-Туран партиясынын түзүүчүсү деген жалган айыптар тагылып камалган. Ал 1938-жылдын 5-ноябрда өлтүрүлгөн. Сөөгү Ата-Бейит мемориалдык комплексинде Сталиндик репрессиянын курмандыгы болгон адамдар менен бирге коюлган. (BTo)

Дагы караңыз

Балыкчыдагы автобекет менчикке мыйзамсыз берилгени аныкталдыКемпир-Абад иши: Прокурорлор шаардык сотко кайра жаңы апелляциялык сунуш берди Өзүн "УКМКнын кызматкери" деп чет элдик жарандан акча талап кылган киши кармалдыКишинев НАТОнун Молдовадагы орус аскерлерин чыгаруу чакырыгын кубаттадыСтолтенберг Орусиянын коркутуп-үркүтүүсүнөн натыйжа болбосун айттыАсман шаарынын алгачкы имараты бир жарым жыл ичинде салынышы мүмкүн Президент элди маркумдарга эстелик орнотууну токтотууга чакырды Ишкерлердин 98% патенттен башка салык режимдерине өттү Ташиев бийликти басып алууга шек саналып кармалгандар боюнча комментарий берди